Сулуулук салонуна барбай кантип жашарабыз?

Эки жыл мурун эле  жүзүңүз нурланып, бетиңизде  бир бырыш жок эле. Бүгүн карасаңыз бетиңизге бырыш түшүп, кадыресе картая баштадыңыз. Эртеби, кечпи ар бир айым  бетке түшкөн бырыш-тырышка туш болоору анык. Салондорго барууга баарыбыздын эле каражатыбыз жете бербейт. Андыктан  акчабызга жараша салондордо жасала турган айрым процедураларды үйдө деле өзүбүз жасасак болот.

 

 

Маскалар

Маска жасоо оңой, анын ар түрдүүлүгүнөн баш адашат. Интернеттен каалаган маска тууралуу маалыматты таба алабыз. Эң башкысы бизге эмне керек, мына ушуну так билишибиз зарыл. Үйдө жасала турган маскаларда антиоксиданттар болгону жөндүү.  С жана Е деген белгилүү витаминдер керек. Даяр болгон маскага чычырканак, оливка же шабдаалы,  майынан  бир нече тамчы тамчылатып алуу кажет. Мындай маскалар майда бырыштардын жазылышына жардам берип, жаңы бырыштарды түшүрбөйт, теринин чоюлчаактыгын күчөтөт.

 

 

Скрабдар

Беттеги  өлгөн клеткаларды тазалоо үчүн ар кандай скрабдар керек. Мисалы, кофе ичип бүткөндөн кийин чөйчөк түбүндө калган кофе калдыгын деле скраб катары колдонсоңуз болот.

Укалоо

Жаш өткөн сайын беттин түзүлүшү өзгөрө баштайт, мындай учурда косметологго барып укалатышат. Акча жок болсо интернеттен видеолорду көчүрүп алып, өзүбүз эле күзгү алдына туруп укалай баштайбыз. Укалоо кандын айлануусун жакшыртып, беттеги шишиктерди таркатат. Кадимки эле лифтингдей таасир берет.

 
“Жашартуучу” муз

Жашартуучу каражатты камдоо оңой эле. Өзүңүзгө ылайыктуу чөптөрдү кайнатып, мисалы ромашка беттеги суу балансын сактап, жумшартат, ашкөк (петрушка) бетти витаминдерге кандырып, бырыштарды жазат. Кайнатылган чөп суусун муздаткычка тоңдуруп алабыз эртең мененкисин бетке жаап, жууйбуз. Бул косметикалык процедура терини жашартып, нурлантып  коет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.