Спорт тууралуу сиз дагы эле ишенип жүргөн 5 миф

Спорт - стресс менен чарчоого эң мыкты дары экени жана көптөгөн оорулардын алдын алаары бир нече жолу тастыкталган. Бирок, спорт жөнүндө бардык маалыматтарга ишене бербешти баарыбыз эле биле бербейбиз.

Алдыда окумуштуулар тарабынан жокко чыгарылган 5 белгилүү мифтер.

 

Миф №1. Форманы сактап жүрүү үчүн, жумасына 1-2 жолу машыгып туруш керек

Чынында бул максат үчүн күндө машыгыш керек – дейт Ратгер университетинин окумуштуусу Шон Арент (Shawn Arent) (Нью-Джерси, АКШ)

Миф №2. Машыгуу үчүн эң жакшы убакыт – таңкы маал

Машыгуу үчүн эң жакшы убакыт – бул сизге ылайык убакыт. Башкысы, машыгуу сиздин күнүмдүк адытыңызга айланыш керек.

Миф №3. Оор нерселерди көтөрүп машыгууда майлар булчуңга айланат

Гантелдер булчуңду чындап эле чоңойтот, бирок майларды булчуңга айландырууга жардам бербейт.

Миф №4. Керилип-чоюлуу денени калыбына бат келтирет

Италиялык окумуштуулардын изилдөөсү, машыгуудан кийин керилип-чоюлууда организмде эч кандай өзгөрүү болбогонун тастыктады. Бирок Куинси университетинин (Массачусетс, АКШ) профессору Уэйн Уэскоттун (Wayne Westcott) айтымында, машыгуудан кийинки керилүү муундардын ийилчээк болушуна жардам берет.

Миф №5. Спорт менен машыгуу – арыктоонун эң жакшы жолу

Жок. Спорт менен машыгуу арыктоого эч кандай жардам бербейт, эгер туура тамактанууну карманбасаңыз. Техас университетинин профессору Филип Стэнфорттун (Philip Stanforth) ою боюнча, былчыйта тамак жеп алып спортзалда жүргөндөн көрө, рационду туура түзүп, керек болсо диетага отурган жакшыраак.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.