СПИД чындыгында каяктан келип чыккан

Мурда “ХХ кылымдын чумасы” деп аталган СПИД оорусу XXI кылымда дагы актуалдуулугун жоготпой, аз изилденген оору бойдон калууда. Башкача айтканда, аны көп эле изилдешет, бирок бул оору жөнүндө анык маалыматтар дагы эле жетишсиз. Эң сырдуу темасы болуп бул оорунун келип чыгышы саналат.

Кээ бир изилдөөчүлөр, бул ооруну адамга шимпанзе “белек” кылган десе, кээлери бул ооруну атайын эле жашыруун лабороторияларда адамдар эле ойлоп табышкан деп эсептешет, үчүнчүлөрү СПИД такыр эле жок дешет. Алдыда бул оорунун келип чыгышынын популярдуу болгон бир нече теориясы.

 

Медицинанын өнүгүү жолундагы катачылык

СПИД биринчи жолу 1981-жылы Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунда (АКШ) табылган деп эсептелет. Ал кезде 30га жакын, симптомдору бирдей болгон оорулуу эркектер изилденген. Таң калыштуусу, бардыгы гомосексуалист болгондуктан, жаңы ооруну “гей-байланыштуу иммунодефицит” деп аташкан.

Эки жылдан кийин бул жаңы оору Европада жолуккан. Ооругандар гомосексуалисттер гана эмес, аялдар жана жыныстык катнашты эбак эле унуткан жашы өткөн адамдар болуп чыккан. Бул, ал ооруну кайра изилдөөгө түрткү берип жана сексуалдык контакт аркылуу гана эмес, кан аркылуу да берилүүчү ВИЧ ретро-вирусун бөлүп чыгышкан.

Каяктан чыкканы белгисиз бул ооруну тыкыр изилдөө менен кошо, ал катастрофалык ылдамдыкта адамдарга жайылып жана жугузуп алган адамдардын саны тез өсүп кеткен. Ошондо дарыгерлер бул оорунун каяктан келип чыкканын ойлонуп башташкан.

 
Маймылдар – ВИЧтин алып жүрүүчүлөрү

Калган акыркы жылдары окумуштуулар жугуу булагын издеп келишет. Адамдыкына окшош ВИЧ ретро-вирусу Батыш Африкадагы кээ бир гориллалар менен шимпанзелерде табылган. Болжол менен биринчи жолу вирус адамга 1926-1930-жылдары жуккан. СПИДдин биринчи курмандыктары кийинчерээк, ХХ кылымдын 60-жылдары кездешкен.

Африканын жашоочулары качандыр бир кезде маймылдар менен контакт болгону түшүнүктүү. Ал эми америкалыктар менен европалыктарда каяктан пайда болду, көпчүлүгү зоопарктарда дагы болгон эмес деген суроолор табышмак болуп келген. ВИЧтин тарашы ХХ кылымдын башында популярдуу болгон, маймылдын бездерин адамга көчүрүү тажрыйбасы менен байланышы бар деген жыйынтык дагы бар.

 

Көп окумуштуулар 20-30-жылдары шимпанзенин калкан безин жана уруктук безин адамга көчүрүү тажрыйбасын колдонушкан. Мындай эксперименттер ал кезде өтө популярдуу болгон. Анын максаты – организмди жашартуу жана импотенция менен жабыркаган эркектин жыныстык функциясын калыбына келтирүү болгон. Бул тажрыйбалар өнүккөн өлкөлөрдө СПИДдин келип чыгышынын жана тарашынын себеби болушу мүмкүн.

 
СПИД – жасалма жол менен келген биологиялык курал

Башка теорияда ВИЧ жер калкынын көп бөлүгүн кыруу максатында жасалган атайын вирус. Антип айткандын жөнү бар: ВИЧ ретро-вирусу маймылдын SIV иммунодефицит вирусунун модификацияланган варианты (!) болуп саналат.

Шимпанзе менен горилланын вирусун адамдын денесине жайгаштыруу үчүн аны жаңы шартка ылайыкташтырып, башкача айтканда, мутация кылыш керек болчу. Ал табигый шартта мутация болот беле, же жаңы, адам үчүн коркунучтуу мутацияны жасалма кылышканбы, ал дагы белгисиз. Бул теманы доктор Алан Кантвелл өзүнүн “СПИД жана өлүм доктору” китебинде талкуулайт.

 

Ал китепте мындай идеяны сунуштайт: АКШнын окумуштуулары маймылдын генетикалык материалдарын колдонуп, адамдын иммунодефицит вирусун аскер лабораторияларында атайын “жаңы биологиялык курал” катары жасашкан. ВИЧ адамга гепатат Вга каршы эмдөө менен кошо жугузулган. Бул теориянын көптөгөн жактоочулары бар, арасында сыйлуу адамдар жана Нобель сыйлыгынын лауреаттары да бар.  

 
СПИД жок!

СПИД такыр эле жок деген ойду СПИД/ВИЧти тануу кыймылынын жактоочулары пропаганда кылып келишет. Алар СПИДди – ойдон чыгарылган оору дешет. Аны менен калктын жакыр катмарындагы өлүмдүн көп болушун жабып-жашырышат.  

ВИЧ-диссиденттер оорунун бирден бир себеби, СПИДдин клиникалык көрсөткүчтөрү ар кандай оорулардын комплекси деп эсептешет: пневмония, Капоши саркомасы, энцефалит  ж.б. Бул ооруларды ар бири адамдын иммундук системасын жабыркатат.

Дагы ВИЧ-диссиденттер ВИЧ – коркунучсуз ретро-вирус, жана анын СПИД деп аталган оору менен байланышы далилденген эмес деп айтышат. Бул идеяны биологиянын профессору Питер Дюсберг, химик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Кэри Муллис жана башка окумуштуулар колдошот.

Расмий медицина алардын аргументтерине күмөн санайт, себеби айтылган адамдардын бардыгы вирусология адистери эмес. Ошол эле убакта СПИДдин келип чыгышы тууралуу талкуулар уланып келет.

Facebook барагыбызга жазылыңыз