Согончок үчүн супер-каражат. 1 мүнөттө жардам берет
Демек... Орто чоңдуктагы жалпак идиш алып (башкысы буттар батса болду), жылуу, бирок өтө ысык эмес, 1,5 литр суу куябыз. Сууга 4 аш кашык суутек перекисин (перекись водорода) кошобуз. Бутубузду сууга салып отурабыз.
Бир нече мүнөттөн кийин эле, жок эле дегенде жарым саат бою буту парлагандай сезим пайда болот. Эгерде таманыңыздын чору өтүшүп кеткен болсо, көбүрөөк отуруңуз. Буттарды бири-бирине сүрткөндө, тазалыктан "кыйчылдаганы" сезилет. Эми таманды атайын сүргүч же пемза ташы менен сүртүү керек.
Андан кийин глицериндин уксус менен аралашмасын сүртүү керек (аптекадан бир бөтөлкө глицерин алып, ага кадимки аш уксусун бөтөлкө толгончо кошсо болот). Глицерин менен сүрүүнү күндө кылса болот. Ал эми перекись ваннасын - жумасына бир жолу.
Эффект керемет! Сынап жана өзүңүз көрүңүз!