Содадан жасалган шампунь: сиздин чачыңыз сыйкырдагандай өсөт!

Аш содасынын пайдалуу касиеттери илгертен эле белгилүү. Ал сиздин пирогду эбелектей кылып, тиштериңизди агартат, эми болсо чачтарыңызды күчтүү кылат! Үй шартында шампунду бул рецепт менен кылып алыңыз.

 

 

Кадимки шампун чачтарыңызга залал келитирип жатат деп шекшинип ататсызбы? Чачтарыңыздын түзүмүн жакшыртып, өсүшүн ылдамдаткан, кадимки ашкана содасынан жасалган шампунду колдонуп көрүңүз. Эгер косметикалык процедура катары фито кароону тандасаңыз, эгер химикаттар чачка терс таасир тийгизип жатса, сизге бул, үй шартында жасалган шампунь жагышы мүмкүн. Колдонуп көрмөйүн, ишенбейсиз.

 

Ингредиенттер:

Аш содасы
Пластик бутылка
Алма уксусу

Даярдоо ыкмасы:

Сода менен сууну 1:3 кылып пластик бутылкада аралаштырып алыңыз. Узун чачтар үчүн 2-3 аш кашык содага 6 аш кашык суу.

 

Бул аралашманы нымдашкан чачыңызга сүйкөңүз. Чачтардын тамырынан баштап учуна чейин. 1-3 мүнөт аралыгына кармап туруп, анан жакшылап мелүүн суу менен жууп салыңыз. Эгер жакшы көбүрбөсө таң калбаңыз. Калдыктарын жакшылап кетириш үчүн жылуу суу менен чайкаңыз. Чачыңыз жакшы жуулгандан кийин, алма уксусун суу менен 1:4 кылып аралаштырып, чачыңызды чайкаңыз. Эгер уксустун жытына чыдай албасаңыз, лаванда же жалбыз майынан бир нече тамчы кошуп койсоңуз болот.

 

Көзүңүзгө тийгизбегенге аракет кылыңыз. Бул каражатты бир ай аралыгында колдонуңуз, ошондо чачыңызда кандай өзгөрүү болгонун байкайсыз.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.