Сиздин жашооңузда чоң өзгөрүүлөр болооруна далил болгон 7 белги.

Баардыгы мурдагыдай болбойт.

Эгер сиз, качан гана жашооңуз өзгөрүп, тилектериңиз орундалат деп күтүп жатсаңыз, анда бул белгилерди байкаганды үйрөнүңүз. Аларды, жашооңузду жаңы нукка бурууга мезгил жеткенде, сизге аалам жөнөтөт.

Аалам сизге кайрылып жаткандыгынын 7 белгиси.

1. Мурунку мамилелердин бүтүшү

Эки жуманын же эки айдын ичинде, мурунку бүткөн мамилерлерди унутуу кыйын жана жагымсыз, бирок ушундай туш келүүгө да маани берүү керек, бул жөн эле боло бербесе керек. Кээ бирде өзгөрүүлөр чоң жоготууну талап кылат – бирок ал жоготуунун орду, сиз менен бирдей ойлонгон, сизди колдогон жана сиз менен жакшы айкалышкан кишилер менен толукталат.

2. Аалам сизге белгилерди берет

Маанилүү өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн көп адамдар артка кылчайып, алдыда боло турган өзгөрүүлөр тууралуу аалам көптөгөн белгилерди жөнөткөнүн байкашат. Мисалы, кайра-кайра көргөн жаныбарлар, кайталанган себептер, бир адам менен кайтадан жолугушуулар сизди туура нукка сала алышат. Кээде белгилер сиздин ички үнүңүз сыяктуу, жакында баары өзгөрөөрүн айткансыйт.

3. Сиз адаттагыдан башкача уктайсыз

Эгер сиздин дениңиз сак болуп, бирок уйкуңуз бузулуп жатса, анда сиздин жүрөгүңүздө жана башыңызда өзгөрүүлөр болоорунун белгиси. Эгер сизди маанилүү өзгөрүүлөр күтүп жатса, сиздин көп уйкуңуз келип, оңой менен ойгоно албаганыңызды байкасаңыз болот. Сиздин мээңиз, сизге келечектен эмне керек экенин билүү максатында, болгон аракетин кылып жаткандыгы үчүн ушул нерселер болушу мүмкүн. Сиздин уйкуңуз, баары өз ордуна келгенде, сизге керектүү энергия табылганда, өз калыбына келет.

4. Сиз өзүңүздү ыңгайсыз сезесиз

Кээ бирде сиз өзүңүздү бир жерде туруп калгандай же оор абалдан чыга албагандай сезесиз (бул жумушта, окууда же сүйүктүүңүз менен болгон мамиледе болушу мүмкүн). Кээде сиз өз жашооңуз менен жашабагандай болосуз. Мунун баары сиздин өзгөрүүлөргө даяр экендигиңизди билдирет.

5. Эски стратегиялар иштебей калат

Айрым белгилер (ааламдын белгилери) иштебей, жүрүм-турумуңуз адаттагыдай болбой, өз-ара алакалар чечилбей, мурункудай жыйынтык болбой калдыбы? Эгер ошондой болсо, анда сиз өз жашооңуздагы акыркы этабынан өттүңүз, мындан ары сиз накта жана узак өзгөрүүлөргө жакшы аракет кылганда гана алдыга жыла аласыз.

6. Сиз эски көйгөйлөрдү чечүү керек экенин түшүнсөңүз

Сиз жашоонун бир этабынан кийинки этапка өтүп жатканыңызды сезгениңизде, артка кылчая баштайсыз. Чындыгында, бүт көйгөйлөрдү иш менен бүтүрүү мүмкүн эмес, бирок аларды кагазга жазып же ой менен иштеп коюу дагы, жаңы этапка өткөнгө жардам берет.

7. Сиз адаттагыдан эмоционалдуу болсоңуз

Ачык эмоциялар – өзгөрүүлөрдүн жышааны жана жашоодогу алмашуунун маанилүү бөлүгү. Сиз көп күлүп же бат-баттан ыйлаганыңызды байкасаңыз, кыскасы, сезимдериңиз эркин болуп, баары мурдагыдан маанилүү сезилип калат. Бул эмоциялардан коргонуп же аларды жашырганга аракет кылбаңыз. Аларды кабыл алып, сиздин жашоодо жол көрсөтүүгө кантип жардам берээрин өзүңүздөн сураңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.