Сиздин жашоого тынчтык бербеген кошуналардын 12 түрү

Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дейт. Баарыбызда кошуна бар жана көбүнчө алар  аянтчада жогугуп калса учурашып, айлыкка чейин карыз алып, берип же туз сурап турганга боло турган сүйкүмдүү, ак ниет адамдар.

Бирок, бүгүн биз жашообузду чыныгы азапка салган кошуналар жөнүндө сөз кылабыз.

 

 

1. Сыналгы маньягы

Карангы-карангы түндө, карангы-карангы көчөдө баардык жакшы адамдар уктап жатканда Сыналгы маньягы ойгонот. Ток-шоулардын алып баруучуларынын сыздаганын каттуу үн менен коюп караңгы күчүн ишке ашырат. Маньяк күндө эле тура бербейт, сиздин башыңыз катуу ооруп турганда же эртең эрте турушуңуз керек болгон күндөрдө гана турат.

2. Кошуна-балка

Балкасы менен кошуна жогорку тактык менен ээлик кылат. Саат эртең мененки беште же кечинде башыңыз жаздыка тиээри менен "тарса турс" башталат.

3. Кошуна-перфоратор

Эгер кошуна-балка активдүү жашаса, жана баарын тажатып бүтсө, кийинки левелде Перфораторду колуна алат. Эки ай дем алышсыз иштеп жаңы эс алууга бир күн алсаңыз, ошол күнү эртең мененден баштап кечке чейин дубалын көзөйт.

4. Жапайы жаныбар

Эмнегедир бул сизди карыз деп ойлойт. Тиш кайрап жүрөт, жолуккан сайын үрөт, буттан тиштеп алгысы келет.

5. Урушчаак кемпир

Эшике итиңиз менен сейилдегенге чыгаарыңыз менен урушчаак кемпир асылат. Анын оюу боюнча дүйнөдөгү баардык кырсыктарга сиз күнөөлүсүз. Талашып деле кереги жок, жапайы жаныбардан үчтү жөн эле жок кылат.

6. Активдүү кемпир

Дагы бир жагымсыз кемпирлердин бир түрү активдүү кемпир. Жолугуп калдыңыз дегенче болду баарын угуп бүтмөйүнчө кое бербейт. Шлагбаум койгонго тыйын сурайт, кандидатка үгүттөйт, үй жамандайт, бешинчи кабаттагы селкини ушактайт, дүйнөдөгү акыркы кабардын баарын айтып берет.

7. Мамилечил кемпир

Активдүү кемпирден качып кутулсаңыз, мамилечил кемпирге жолугасыз. Негизи ал боорукер эле, бирок үй-бүлөсүндө болуп жаткан окуялар менен, кан басымы, баанын көтөрүлүп жатканы, январдын аягында кандай аба ырайы күтүп турганын, балдарыңыз кантип туура тамактанышы керектигин, сөөлдү кантип кетириш керектигин сиз менен бөлүшмөйүн кое бербейт.

8. Балкондогу паровоз

Шамал кайсыл жака сокпосун, сиздин терезеңизге киргизип чеккенди билет. Пардаларды жөн эле жууп койгон жетишсиз, чылап туруп жууш керек.

9. Пианино сүйүүчүсү

Жогоркуларды окугандан кийин пианино сүйүүчүсү анча деле коркунучтуу эмес сезилет. Интеллигенттүү үй-бүлөө жана башка ушул сыяктуу. Бирок, күн чыга электе он бир жолу кайра кайра кайталап черткени, перфоратордон да өтүп кетет.

10. Дубал артындагы аябаган бөбөк

Перфоратор, балка, телевизор, пианино колуна тийгенчекти, баары бөбөк болот. Вокалдык көнүгүүлөргө баарынын эле жөндөмү боло бербейт, негизинен жаныңыздагы кошунанын баласы эле жөндөмдүү. Кичине чыдап коюңуз, 1-2 жыл.

11. Дүйнөдөгү эң урушчаак үй-бүлөө

Дүйнөдөгү эң урушчаак үй-бүлөө күчү 8-9 баллга чейин жеткен урушту ажырашып кетпей он жылдап жасашат. Жылдыктарын мебелди сындыруу менен өткөрүшөт.

12. Сүйүүсү ашып ташкан түгөйлөр

Сүйүүсү ашып ташкан түгөйлөрдө баардыгы сонун, толук гармонияда жашашат. Бири бирин сүйөт, бат-баттан, жана өтө катуу-у-у.

Эстеп көрсөңүз, сизде дагы жок дегенде бир ушундай кошуна болсо керек. Же сиз кошунанын дагы башка түрүн билесизби?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.