Сиздин жашоо энергетикаңызды бузган 5 нерсе

Кийим – бул жөн эле имидждин бөлүгү жана стилиңдин көрсөткүчү эмес, ошондой эле өзүңдү ишенимдүү сезип, жаман окуядан сактаганга жардам берет. Кийим тандоо биздин организмге таасир берет, маанайга жана энергетикага, себеби жашообуздун дээрлик көп бөлүгүн кийимчен өткөрөбүз. Ошондуктан гардеробубуздагы, эч качан кийгенге болбогон беш нерсени билип алышыбыз керек.

 

 

Башка бирөөнүн кийими

Биздин кийим кийген адамдын энергетикасын окуганга жана сактаганга жөндөмдүү. Ошондуктан тагдырын билбеген кийимдерди кийбей эле койгон оң. Өзүңүздүн биоталааны жана энергетиканы сактайсыз.

Өлгөн адамдын кийимдерин

Экстрасенстер өлгөн адамдын кийимдерин жана буюмдарын кийбей же бирөөгө бербей өрттөп салууну сунуштайт. Мындай кийимдер бакыт алып келбейт, терс таасирин тийгизиши мүмкүн дешет.

Жаман эскрүүлөр менен байланышкан кийимдер

Ар бир адамдын гардеробунда жок дегенде бир жамандык алып келген кийими бар. Эгерде сизде да бар болсо жок кылыңыз.

Өлчөмү туура келбеген бут кийим

Кытай эли ден соолук буттан башталат дейт. Ошондуктан жаштыгыңызды жана узак жашоону сактагыңыз келсе ыңгайлуу бут кийим кийиңиз. Баары маанилүү-өлчөмү, тереңдиги, такасы жана өңү.

 

Өңдөрдүн айкалышы

Эгерде гардеробуңуздун көпчүлүк бөлүгүн түссүз (ак, кара, боз) кийимдер ээлесе, башка өң да кошууңузду сунуштайбыз. Ар бир өңдүн өзүнүн милдети бар жана ар кандай учурда адамга жардам берет. Боз түстөр менен өзүңүздү көрксүз жана байкалбаган адамга айлантасыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.