Сиздин телефонуңуздун номери эмне түшүндүрөт

Нумерологияга карасак, сандар адамдын мүнөзүнө эле эмес, аны менен болуп жаткан окуяларга да таасирин тийгизет. Балким так ушул телефондун номери көптөгөн чалуулардын түшүшүнө жана ийгиликтүү келишимдерге себепкер болууда. Сандарда кандай маани катылганын билип алыңыз!

Өз телефонуңуздун нумерологиялык номерин билиш үчүн андагы сандын баарын бири-бирине кошуш керек. Мисалы, 996555112233 номери 9+9+6+5+5+5+1+1+2+2+3+3=51; андан чыккан санды  дагы ушундай эле ыкма менен кошуп чыгып, 5+1=6 санын алабыз. Акыркы алынган сан өзгөчө мааниге ээ.

Төмөндө нумерологиялык сандардын мааниси 1ден 9га чейин көрсөтүлөт.

1 саны

Бул күчтүү телефон номери, ал сиздин энергияны көбөйткөнгө жана айланадагыларга чоң таасир эткенге жардам берет. Бирок, кылдат болуңуз, дайым жакшы кырдаал болуп турат деп эле ишене бербеңиз. Бул номер бизнесмендер менен карьеристтер үчүн, бирок өзүнө түгөй издегендерге ийгилик алып келбейт.

2 саны

Бул номер жанында романтиканы алып жүрөт жана өз сүйүүсүн жолуктургусу келгендерге идеалдуу болуп саналат. Номер адамга боорукердик, амалдуулук, сылыктык сыяктуу сапатарды тартуулап, чогуу иш алып барганга болчу адам дегенге шарт түзөт. Күчтүү, өзүнө ишенген, ошондой эле соода тармагында иштеген адамдар үчүн мыкты номер.

3 саны

Бул номер чыгармачылдык жана шайырдык тууралуу айтып турат, ошондуктан артисттер, музыканттар жана жаштарга туура келет. Ал шыктандырып, оригиналдуулук көрсөтөт, ошондой эле популярдуулукка да жеткире алат. Бул номерди жазуучулар же жазуучулук кызматты аркалаган адамдар тандап алса болот. Бирок, эгер амбицияңыз күчтүү болсо жана алдыга койгон максатка кандай болгон күндө да жетем десеңиз, башка номер тандаганыңыз жакшы.

4 саны

Бул номер туруктуулуктун, ишенимдүүлүктүн көрсөткүчү болгондуктан банк жана адвокат контораларынын кызматкерлерине, ошондой эле ишеним менен репутация үчүн алп урушкан фирмаларда иштеген адамдарга туура келет. Эгер сиздин үй бүлө чоң болсо, 4 санын тандаганыңыз туура болот. Бирок, эгер жалгыз жашасаңыз, ал эми кызматыңыз жогоруда айтылгандар менен байланышы жок болсо, бул санды тандабай койгонуңуз туура.

5 саны

Бул номер укмуштуу окуяларга тарткан, жашоо стабилдүү деп айтканга болбогон адамдарга таандык. Номердин ээлери эмне болсо күтө бергени туура. Бул сан өзгөчө жалгыз жашаган, эркиндик менен саякатты сүйгөн адамдарга туура келет. Ал анын ээсинин дисциплинасын жана жоопкерчилик сезими аздыгын көрсөтүп турат. Үй бүлөлүүлөргө жана психологиялык жактан жабыркаган адамдарга бул номер жарабайт.

6 саны

Бул үй бүлөлүү адамдар үчүн эң мыкты номер. Ал жылуулук, камкордук жана коргоо алып келип, үй бүлөлүк байланышты жана достукту бекемдейт. Ошондой эле бизнесмендер үчүн да туура келет. Өзүнө жар издеген адамдар башка номер тандагары туура.

7 саны

Бул, ойчулдан менен билим алгандарга атайын жасалгандай, күчтүү жана сыйкырдуу сан. Ал адамдын ички дүйнөсүнө оң таасир берет, ошондой эле жашоого стабилдүүлүк алып келет жана сизге оор басырыктуу болгонго жардам берет.

8 саны

Бул бизнесмендер үчүн, акчаны өзүнө тарткан жана өнөктөрдүн алдында кадыр-баркты жогорулаткан ийгиликтүү сан. Ошондой эле номер амбициясы күчтүү адамдарга туура келет, анткени, карьера менен финансылык өсүшкө оң таасир берет. Сан материализм менен байланыштуу, ошондуктан, инсандык өсүштү каалаган адамдарга такыр туура келбейт.

9 саны

Идеализм жана боорукерлик – бул сандын негизги мүнөздөмөсү. Бул номерди кайрымдуулук же медициналык мекемелердин кызматкерлери тандаса болот. Бул бактылуу номерлердин биринин ээси көп убакта фортунанын түз карашына кабылып турат. Ошол эле кезде, ден соолугу начар, же финансылык абалын жакшырткысы келген адамдарга бул сан туура келбейт

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.