Чач жасалга сиз жөнүндө психологдон да көбүрөөк маалымат бере аларын билдиңиз беле?
Куйрукту жакшы көрөсүзбү же байланбаган чачты жакшы көрөсүзбү - ушунун бардыгы сиздин кандай адам экенинизди мүнөздөйт, деп жазат Blushy Babe.
Сиз тең салмакташтырган классикалык стилди жакшы көрөсүз. Эгерде сиздин сүйүктүү чач жасалгаңыз куйрук болсо, анда сиз сөзсүз дүйнөдөгү бардык адамдарды багындырганга кудуретиңиз жетет.
Эгер сиз элеганттуулукту кошкуңуз келсе, анда резинканы жашыруу үчүн аны чач менен ороп коюңуз. Ошондой эле жеңил сарафан жана табигый макияж менен стилиңизди толуктай аласыз.
Кыска чач сиздин өзүңүзгө болгон ишенимдин чоң экенин билдирет. Бул модадан озуп, сизди сулуу кылган стиль.
Чачыңызга назиктик кошуу үчүн стайлер колдонуңуз. Олуттуу көрүнүш үчүн, көзүңүзгө акцент жасаңыз.
Бул жарашыктуу чач жасалга заматта балеринанын назиктигин камсыз кылат. Түйүн сиздин олуттуу жана сымбаттуу айым экениңизден кабар берет. Чач жасалганы көйнөк же джинсы менен толуктаса болот, анткени ал универсалдуу.
Ошондой эле капталга же эки түйүн кылып, жаркыраган аксессуарларды кошсоңуз болот.
Сырткы келбетиңизге кокусунан жагымдуулук берет. Сиз чыгармачыл, ойчул жана тапкычсыз.
Бул чач жасалгасы да ар тараптуу, ар кандай кийимге жана ар кандай иш-чараларга ылайыктуу.
Сиз өзүнө ишенесиз жана ар дайым өзүңүзгө чынчылсыз.
Аба-ырайы жылуу жана нымдуу болгондо, бул үчүн атайын каражаттарды колдонуп, тармалыңызды жумшак жана жылмакай кылууңуз керек.
Узун чач - бул классикалык жагымдуулуктун белгиси.
Бирок мындай чач жасалгасы менен ар дайым эле жүрбөш керек - бул ыңгайсыз. Түйүп же өрүп, байкап көрүңүз.
Сиздин прическаңыз кандай?
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.