Сиздин балдарыңыз кандай оюнчуктар менен ойнойт?

 

 

 

 

Балдар изилдөөчү болуп жаралышат

Сиздин балаңыз күн санап эмес, саат сайын өсөт. Ошондуктан баланын өсүп жетилүүсүнө кайдыгер кароого болбойт. Алар айлана-чөйрөнү изилдеп, таанууда ата-эне колдоо көрсөтүшү зарыл. Ымыркай төрөлгөн күндөн тартып аны менен сүйлөшүңүз, ырдап бериңиз. Бекеринен акылман энелер балага бешик ырын ырдаган эмес да. Демек, бешик ырынын дагы философиялык мааниси чоң. Ыр менен кошо жакшылыкка үндөп, келечекте жакшы адам болууга чакырат. Андан сырткары жай, жагымдуу музыка коюп бериңиз. Даңка-дүңк эткен, баш ооруткан музыка коюунун кереги жок. Бул баланын өнүгүүсүнө терс таасир бериши мүмкүн. Баланын коляскасына, жаткан керебетине оюнчуктарды анын колу жеткидей кылып илиңиз. Наристеңиз эмнени карап жатса, ошол тууралуу айтып бергениңиз оң.

Жаман оюнчук жаман маанай тартуулайт

Бүгүнкү күндө оюнчуктун түрү өтө көп. Бирок, кээ бир оюнчуктарды көрсөң, үрөйүң учат. Жагымсыз, башаламан. Аны ойноодон наристең эмес, өзүң да коркосуң. Керек болсо кээ бир оюнчуктардын сасык, адам чыдагыс жыты бар. Ошон үчүн наристеңизге оюнчук сатып берүүдө дагы этият болуңуз. Жаман оюнчуктар наристеңизге терс маанай тартуулашы мүмкүн. Балага оюнчук ыңгайлуу болушу абзел. Беш айынан тартып кармай алат экен деп эле ар кандай нерсени бербеңиз. Баланын коопсуздугун камсыз кылып, жутуп жибергидей майда нерселерди берүүдөн алыс болуңуз. Анткени, бала колуна эмне тийсе ошону оозуна салат эмеспи. Андан сырткары, шуруларды мурдуна салып алуусу мүмкүн. Ошон үчүн бала ойноп жатканда эч качан кош көңүл болбоңуз.

Оюнчуктарды бат-бат алмаштырыңыз

Үйдөгү оюнчуктарды күн сайын балаңызга бере берсеңиз, ал оюнчуктан тажап калат. Ошону үчүн оюнчуктарды алмаштырып туруу керек. Алмаштырыш керек десе эле жаңы оюнчук алып берүү эмес. Болгону бир оюнчукту кеминде бир күн бербей койсоңуз, экинчи күнү ал жаңыдай туюлат. Наристенин өнүгүүсү үчүн кымбат оюнчук сатып алуунун зарылчылыгы жок. Балдар суу, кум, картон кутучалары жана желим идиштер менен ойногонду жакшы көрөт. Баланы ойнотуу үчүн үйдөгү коопсуз болгон бардык нерселерди колдонууга болот. Маселен, чоң капкактар, табактар жана башкалар. Ар түрдүү формадагы анча чоң эмес оюнчуктарды: кубиктерди, цилиндрлерди берсеңиз болот. Алар менен ойноо колунун манжаларынын кыймылын өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Наристе менен ар түрдүү көлөмдөгү жана түстөгү топтор менен ойноңуз. Акырындык менен ал топту тоголотууга, аны ыргытууга жана кайра алууга үйрөнөт.

Бала ыйласа, сүрөт тарттырыңыз

Балдар психологунун айтуусу боюнча 3 жашка чейинки балдарга оюнчук менен түстөрдү, ар кандай фигураларды, көлөмдөрдү таанытып үйрөтсө болот. Аны менен кошо балага жаныбарлардын оюнчугун көрсөтүп, кайсыл жаныбар экенин жана анын үнүн айтып берүү керек. Мисалы, күчүк “аф, аф” деп үрсө, бала ал жаныбардын үнүн тез жаттап алат. Аларга пластмасадан, жыгачтан жана тигилген оюнчуктарды берүү керек. Метал оюнчук берүү жакшы эмес. Анткени, баланын көңүлү түшүп турса колундагы оюнчугу менен башка баланы уруп салышы мүмкүн. Ошондуктан, жумшак оюнчуктарды бергенге аракет кылыңыз.

Бала оюнчук менен дүйнө таанып үйрөнүүдөн сырткары тарбия дагы алат.

Маселен, биз балага оюнчук берип, кайра аны “бул балага берчи деп” айтуу менен оюнчугун башка балдар менен бөлүшүп ойноого, достошууга, берешендикке үйрөтөбүз. Оюнчугун бербей койсо, анда аны талашпай, чогуу ойнош керектигин түшүндүрүп айтабыз. Бири-биринен оюнчук талашпай ойноого үндөйбүз. Эгерде, бала ыйлап, чырдап жатса, колуна карандаш берип сүрөт тарттырса сооронуп калат. Ал сүрөт тартканды билбесе да бир нерселерди чийгилеп отуруп, алаксып, ыйлаганы басылат. 3 жашка чейинки балдарга майда-барат оюнчуктарды берүүдөн алыс болгон жакшы. Конструктор, курама оюнчуктар менен ойногон балада сандарды таануу жөндөмү башталат. Ар бир конструкторду санап отуруп, математиканы түшүнө баштайт. Эсептегенди айтып үйрөткөнгө караганда, оюнчуктарды эсептетип ойнотсо санаганды бат үйрөнөт. Ошентип, ойноп отуруп, санаганды билип алат. Оюнчуктун жардамы менен логиканы да үйрөнөт. Курама оюнчук менен бир нерсе жасап жатканда бала аябай ойлонот. Маселен, көп кабаттуу үйдү жасаганда кантип жасаш керек дегендей.

Ата-энелер балдарын жалаң терс, түшүнүксүз, коркунучтуу оюнчуктар менен ойнотсо...

Ата-энелер балдарын жалаң терс, түшүнүксүз, коркунучтуу оюнчуктар менен ойнотсо, ал балада жаман нерселер пайда болот. Башкача айтканда, терс маанайды жаратат. Андай оюнчуктар баланын урушчаак болуусуна алып келет. Андан сырткары, андай оюнчуктардан бала эч кандай жакшы нерсе ала албайт. Күнү бою кабагы бүркөө болуп жүрүүсүнө алып келет. Бул нерселер майда болгону менен баланын дүйнө таанып-билүүсүндө, тарбия алуусунда мааниси чоң.

Биздин тыйындар карарып кетет

Биздин тыйындарды бала жутуп алса 4 сааттын ичинде карарып, токсиндерди бөлүп чыгарып, ууландырат. Тыйынды алып чыккандан кийин дарылоого туура келет. Ал эми Орусия менен Казакстандын тыйындары кандай жутулса ошондой чыгат. Ушундан улам, Кыргызстандын тыйынынын сапаты начар экенин билсек болот. Андан сырткары, ийне жутуп алган балдар да болот. Ийне жутуп алган баладан ийнени чыгаруу кооптуу болуп саналат. Анткени, ийнени тартып чыгарып жатканда ал бардык жерин тилип кетиши мүмкүн. Ошондуктан, аны операция жолу менен чыгарабыз. Операция жасаганда өпкөнү ачып, ийнени табабыз. Кээ бир ата-энелер балдарына 3 сомдук, 5 сомдук тыйындарды ойногонго берип коюшат экен. Ал тыйынды ойноп, оозуна салып отуруп, билбей жутуп алышат. Ата-энелерге балдарыңардын колуна тыйын, майда барат оюнчуктарды, капкактарды, ручканы, батарейкаларды жана кооптуу нерселерди ойногонго бербегиле деп кайрылат элем.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.