Көбүбүз эле ич катуу менен ич өтүүнү жакшы эле тааныйбыз. Баарыбыз эле, жок дегенде бир жолу тамакка ууланган күнүбүз болсо керек.
Аппендицит баарында эле боло бербейт, бирок, 5% калкты жабыркатат, ошондуктан аны алдын ала билип алуу туура.
Эгер убагында тез жардамга кайрылбаса, сезгенген аппендикс жарылып кетип, аягы жаман болушу мүмкүн!
Алдыда, аппендицитти убагында аныктоочу 5 негизги белгилери:
Адатынчы, аппендицит киндик менен табарсыктын ортосун катуу оорутат. Бирок бул, азыр аппендикс жарылат дегендик эмес, томографиядан өтүп көрүш керек.
Эгер басканда, турганда же жөтөлгөндө катуу ооруса, бул бардык ичегилер сезгенген болушу мүмкүн жана аппендикс, мына жарылам деп турган чагы. Тез жардам чакырганга шашыңыз!
Бул белгилер, сөзсүз эле аппендицит дегенди билдирбейт жана дайым эле боло бербейт. Бирок ичтин оорусу жүрөк айланган менен коштолсо, анда сөссүз текшерилиңиз.
Аппендикстин сезгенүүсү, кээде, бардык ичеги-аш-казан системасына таралышы мүмкүн, ошошдуктан, жүрөк айлантып, кусканга алып келет.
Кээ бир адамдардын аппендикси аябай ылдый, табарсыкка жакын жайгашкан. Бул эки орган бири-бири менен контакт болгондо, табарсык дагы сезгенет.
Жыйынтыгында, сизда дааратканага чурката берет – заара кылыш оору жаратат. Негизи, заара кылганда ооруган - табарсык инфекция ооруларынан кабар берет, бирок ичтин оорусу менен коштолсо, аппендициттин белгиси болушу мүмкүн.
Температура көтөрүлүп жана чыйрыгуу – организмдеги сезгенүү процессинин бар экенен кабар. Аппендикстин сезгенишинде организмда ар кандай заттар бөлүнү чыгат, алар бир эле жерди оорутуп, адамдын температурасын көтөрүп жана чыйрыктырат.
Температура көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, ичиңиз дагы ооруп турса, врачты чакырыңыз!
Эгер сиз ориентацияңыды жоготуп, башыңыз айланып баштаса, анда инфекция күчөп, балким канга да киргенинен кабар берет. Бул өтө коркунучтуу!
Баш мээде эч нерсе деле болбойт, болгону организм көптөгөн ресурстарын, анын ичинде кычкылтек, инфекция менен күрөшкө короткондуктан мээге кычкылтек аз көлөмдө барып калат. Эгер адамдын кыймыл аракети адекваттуу эмес болсо, тез арада медициналык жардам алыш керек.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.