Сизди шок кылчу Сауд Аравиясы тууралуу 9 факт

Сауд Аравиясы жөнүндө эмне айта аласыз? Бул кызыктуу жана кооз жакынкы чыгыш мамлекети деппи?

Аларды Чыгыш дүйнөсү өнөк мамлекет катары кабыл алганына карабай, адам укуктары туш келди тебеленет, өзгөчө аялдардыкы. Алардын өзүнүн тарыхы, маданияты бар, ошондуктан, эмне болсо да алардын өз эрки дейли.

Эми сиздин алдыңызга Сауд Аравиясы тууралуу бир нече кызыктуу, балким сиз билбеген, фактыларды чыгаралы.

Билесизби, Мекке менен Медина исламдагы эң ыйык шаарлар болгондуктан, мусулман эместерге бул шаарларга кирүүгө болбойт.
Эгер сиз алкоголь жаныңызга алып жүрсөңүз, же аны ичсеңиз, шапалак жешиңиз толук мүмкүн. Бирок...
Гомосексуализм жана башка динге үгүттөө, өлүм жазасына чейин алып келиши мүмкүн.
Жеке жашоонун кол тийбестиги бул мамлекетте өтө маанилүү, ошондуктан эч качан аял кишиге камера каратууга болбойт. Эгер эркек кишини тартам десеңиз, анын уруксатын алышыңыз керек. Болбосо кымбат баалуу камераңыздан ажырап калышыңыз мүмкүн.
Өлүм жазасы Сауд Аравиясында дагы деле бар. Мисалы, 2013-жылы 69 адам башынан айрылган.
Сауд Аравиясында сыйкырчылык менен магиянын бардык түрүнө тыйуу салынган. Биринчиден, магия – реалдуулук эмес, экинчиден, реалдуу болгон күндө да алардан эмне пайда табасың.
Машинаны жалпы эл колдончу жолдордо бир жагына кыйшайтып айдоо ал жакта норма. Ошол эле убакта аялдарга машина айдоого тыйуу салынган.
Литр таза суу литр бензинден кымбат. Балким адам бензин иче албагандан болсо керек...
Дүйнөдөгү эң бийик имаратты ким салып жатат? Бул титул Аравияда 2018-жылы курулуп бүтчү Королдун мунарасына таандык болот. Бул 1000 метрден бийик болгон эң биринчи имарат болот. Анын ичинде мейманканалар, офистер жана өтө кымбат пентхаустар жайгашат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.