Сизде негатив энергия (жин) пайда болгонун билдирген 10 белги

Кээде адамдарга негативдүү энергиянын таасири тийип, жашоосунда башаламандык пайда болот. Негативдүү энергия деген эмне? Көз-назарлап калганда, ичи тар, көрө албас адамдардын сугу өтүп кеткенде, кара дуба жасалганда, ырым-жырымдар багышталганда, каргыш тийсе, катуу ооруса, энергетикалык вампир адамдар менен чогуу жашаса адамдардын аурасы бузулуп, негативдүү энергия пайда болот.

Негативдүү энергия деген бир сөз менен айтканда сиздин биоталааңызда терс, кара күчтөрдүн пайда болушу.

 

 

1. Каражат тартыштыгы

Финансылык көйгөйлөргө кабылабыз, чыгаша көбөйөт. Акча суудай агып дайынсыз иштерге жумшалат. Үйдөгү буюмдар бузула баштайт, аларды ремонттоо кымбат турат. Которула турган акчалар кечигип, такыр которулбай калышы да ыктымал. Күтүлбөгөн айып акы төлөө, салыктар көбөйөт. Каржы маселеси кыйындай баштаганда жашообузга жаман энергиялар аралашканын билишибиз керек.

2. Ден соолуктун начарлашы

Канчалык уктап, эс алсак деле уйкубуз келип, чарчап, эч нерсе жасагыбыз келбей калат. Адамдар ойлошот бир нече күн эс алып жакшылап уктап алсак баары ордуна келет деп. Бирок андай эмес.

3. Жакшы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылбайт

Энергиябыз түгөнүп, колубуздан эч нерсе келбей калат. Майда иштерге да алыбыз жетпей калгандыктан чоң иштерди жасоого жүрөгүбүз даабайт. Демейдеги жолдуулугубуз, ар мүмкүнчүлүктөр такыр эле болбой калгандай сезимге дуушар болобуз.

4. Иммунитеттин начарлашы

Өзүбүзгө кам көрүп, спорт менен машыгып жатсак деле иммунитетибиз начарлап, тумоолой беребиз. Ич оору, жөтөл жумалап кетпей калат.

5. Адамдар менен тил табыша албайбыз

Адамдар менен тил табыша албай, сыягы алар биздин ой пикирди түшүнбөй жаткандай абалга туш болобуз. Мунун кесепетинен ишибиз жүрүшпөй баштайт.

6. Убакыт жетпейт

Убакыт ушунчалык тез өтүп эч бир иш жасаганга үлгүрбөй, бир жакка шашып, дайыма кечигип, үйүлгөн иштердин бир да бүтүрө албай баштайбыз.

7. Уйкусуздук пайда болот

Канчалык чарчап-чаалыгып турсак дагы чабалактап уктай албайбыз. Дары ичип, мелис чөбү, жалбыз кошулуп демделген чай ичсек да таасири тийбейт. Албарсты басып, жаман түштөр кирип, тердеп, кыйкырып ойгонобуз. Уктап толук эс албагандыктан эртең менен алыбыз куруп калат.

8. Эс ала албайбыз

Дайыма стресс абалында жүрүп, такыр эс алууга чолоо жок болот. Мурда бизди кубандырган, шыктандырган нерселердин кызыгы кетип, эч нерсеге ыраазы болбойбуз. Анын ордуна жаман ойлор башыбызга толуп чыгат. Демек негативдүү энергия күчөп, сизди жеңип баратканынын анык белгиси ушул.

9. Сизге тиешелүү буюм-тайымдар өзүнөн өзү жоголо баштайт

Таң калыштуу ... баарын жыйнап, бир орунга бекитип коюп койсок деле мисалы ачкыч, телефон, банктык картабыз, документтер ж.б. жоголо баштайт. Капысынан эле капчыгыбызды үйгө унутуп калган болобуз, чөнтөктө паспортубуз дайынсыз жок. Үйдө деле ушул көрүнүш издеген нерсени таппай үйдү үч көтөрөбүз, уй жалап кеткендей жок. Бир маалда издеген буюм оңой эле жерден табылып бизди таң калтырат.

10. Бир иштин аягына чыкпайбыз...

Бир ишти көздөп анын аягына чыгара жасоого адамдын мээси жол көрсөтүп иштеп турат. Бирок негативдүү энергияга чулганган адамдар бир иштин аягына чыгарып бүтүрө албайт. Ою бир жерге токтобой алактап, башка нерсеге алаксып кетет. Кыскасы ойду бир жерге топтой албай, жан дүйнөсүн боштук ээлеп, кайгыга батат.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.