Сиз туулган мезгил жашоого ушундай таасир берет

Кыш мезгили

Кимдир бирөө менен жакын мамиледе болгондо, аны коё бербейсиз. Сиз оңой менен багынбай турган адамсыз. Урушу жок кетип калбайсыз. Сиз адамдарды бардык кумарыңыз менен сүйөсүз, ошондуктан убактылуу мамилелер сиз үчүн эмес.

 

 

Өзүңүздүн убактыңызга жана күчүңүзгө татыктуу экендигин далилдеген адамга жүрөгүңүздү бересиз. Сиз өзүңүзгө чоң талаптарды койгондуктан, сиздин романтикалуу мамилеңиз достукка көбүрөөк окшош. Сиздин өнөктөшүңүз сиз кучактап өпкөн адам гана эмес. Ал сиз менен сырларыңызды бөлүшүп, жетиштүү күлүп же жөн гана унчукпай отура турган адам.

Жаз мезгили

Өзүңүздү суук, жүрөгү жок адам кылганыңыздан ырахат алсаңыз дагы, чындык сизди оңой эле таарынтып алат. Сезимдериңиз мүнөт сайын өзгөрүп, өзүңүзгө нааразычылыкты топтоого көнүп калгансыз. Эгерде сиздин өнөктөшүңүз сизди жаман көрүп жатса, анда сиз ушундай скандалды баштап жибересиз, ал болсо сиз менен байланышканына өкүнүп калат.

Баары жакшы деп түр көрсөткөн адам эмессиз. Кимдир бирөө сизге зыян келтирсе, сиз өч алгыңыз келет. Бирок, сиздин ачык-айкын чынчылдыгыңыз кыйратуучу ачуулукту алмаштырат. Бул сиздин жана өнөктөшүңүздүн ортоңордо эч кандай кемсинтүү, чечилбеген маселелер жана жашыруун сезимдер болбойт дегенди билдирет. Мамиленин кайсы этабында жүргөнүңүздү дайым билип турасыз, анткени аны дайым талкуулайсыз. Жөн гана нервдүү темпераментиңизди тең салмакташтыра турган адамды табууңуз керек. Ал сизди ого бетер ачуулантпай, капалантпай, тынчтандырып, компромисске баруусу керек.

Жай мезгили

Сиз оюңузда бекем турасыз жана баардыгы сиздин жолуңузда болушун каалайсыз. Мамиледе сиз көбүрөөк кам көргөн адам болгуңуз келбейт. Теңчиликти каалайсыз, бирок ошол эле учурда өнөктөшүңүз мамиледе көбүрөөк күч-аракет жумшаса, каршы эмессиз. Кантсе да, башкара билгенден ырахат аласыз.

Даталарды пландаштырууну же үйүңүздү жасалгалоону өзүңүз кылганды жакшы көрөсүз, анткени баардык нерсенин мыкты болушун каалагандыктан, өзүңүзгө гана таянасыз. Ушул себептен сизге окшош адам менен тил табыша албайсыз. Бирок, сиз, көпчүлүк чечимдерди өзүңүз кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген өнөктөш табышыңыз керек. Ошондо гана мамилеңиз сапаттуу болот.

Күз мезгили

Сүйүү маселесине келгенде сиз күмөн санайсыз. Сиз жабык болосуз, анткени сизге бирөөнүй айынан жапа чеккиниз келбейт. Өзүңүздү тобокелге салгандан көрө, обочолонуп турасыз. Бирок, сиз жанында өзүңүздү жеңил сезген адамды тапсаңыз, мамилеге болгон көз карашыңыз өзгөрөт. Бардыгын ушул адам менен бөлүшүп, өзүңүздүн изоляциядан баш тартууга туура келет.

Узак мөөнөттүү мамиледе мурда болбогондуктан, колдон келишинче аракет жумшайсыз. Бул адамды катачылыктын айынан жоготуп алгыңыз келбейт, андыктан аны бактылуу кылууга болгон аракетиңизди думшайсыз. Сиз ага каалаган нерсесин берип, анын комфорту үчүн көп кам көрүүгө даярсыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.