Сиз мурда билбилбеген, сулуулук үчүн 14 сонун кеңеш!

Сулуулук кеңештери - бул косметиканын сүрөттөмөсүндө же таңгагынын нускамасында жазылбаган макияж сырлары. Булар сиз тажрыйбадан гана биле турган, же башкалардан үйрөнө турган айла-амалдар.

Сулуулуктун сырлары жөнүндө сүйлөшүп, бардык аялдар билиши керек болгон пайдалуу кенештерибизди сиздер менен бөлүшөбүз.

Бир нече мүнөттүн ичинде сулуу болуу үчүн териге жана чачка кам көрүү боюнча 15 кеңеш менен таанышып аласыз.

 

№1 Таза чач

Эгер сиз майлуу чачтын ээси болсоңуз, анда чачынызды узагыраак таза кармоо үчүн эмнеге болсо да даярсыз. Эгер сиздин чачыңыз өтө эле ичке болсо, анда бир күндөн кийин чачыңыз көрксүз таңгакка айланат. Шампунузга деңиз тузун кошуп койсоңуз, чачыңыз көпкө чейин таза бойдон калат.

№ 2 Калың кирпик

Көптөгөн айымдар калың жана узун кирпиктери менен сыймыктана алышат, бирок андай кирпиги жоктор бар. Эгерде сиз ушул көйгөйдөн жапа чегип жатсаңыз, анда кастор майын, Е витаминин жана алоэ вераны аралаштырыңыз. Бул аралашманы түнү кирпигиңизге сүйкөсөңүз, бир айда укмуштуудай өзгөрүүлөр болот.

№ 3 Көздүн алдындагы кара тегерек

Уйкунун жетишсиздигинен жана чарчагандыктан көздүн астынан жийиркеничтүү кара тегеректер пайда болот. Кооптоно турган эч нерсе жоктой сезилет, бирок убакыттын өтүшү менен бул жерде эрте бырыштар пайда болушу мүмкүн. Кофе менен кокос майын бир аз аралаштырып, бул масканы жумасына 3 жолу сүйкөсөңүз, тегеректер жоголот.

№ 4 Жылмакай буттар

Түк көйгөйү ар бир аял үчүн пляж мезгилинде гана эмес, калган мезгилде дагы сакталып кала берет. Кырып салуу менен жакшы натыйжаларга жеткенге карабастан, түк өтө тез өсөт. Түктү өстүрбөө жана дүүлүгүүдөн сактоо үчүн шекерди колдонуңуз. Ал үчүн лимон ширесинен, шекерден жана суудан турган карамель жасаш керек.

№5 Тырмакты күчтөндүрүүчү каражат

Кээ бир аялдардын тырмактарды сынып тургандуктан, узун кылып өстүрүү өтө кыйынга турат. Бул көйгөйдү кокос майы, бал жана бир аз лаванда майын аралаштырып оңой эле чечсе болот. Бул аралашманы тырмакка сүйкөсөңүз, алар күчтүү жана саламат болушат.

№6 Беттеги безеткилер

Көбүнчө териге туура эмес кам көрүү жана май бездеринин катуу иштеши безеткилерге алып келиши мүмкүн. Алардан натыйжалуу арылуу үчүн унду, балды жана жылуу сууну аралаштыруу керек. Пахтага сүйкөп, көйгөйлүү жерге жабыштырыңыз. 10 мүнөттөн кийин алып салыңыз.

№ 7 Кара колтук

Зыяндуу бактериялар, туруктуу нымдуулук, күчтүү дезодоранттар жана булгануу колтуктун терисинин начарлашына жана кара тактардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Тереңизди агаратуу үчүн сүрүлгөн картошка маскасын колдонуңуз.

№ 8 Загар

Жай мезгилинде күндөн коргоочу кремдерди колдонбосок, терибизди коркунучка учуратабыз. Бул өтө оор күйүккө алып келиши мүмкүн. Аш содасы ооруну жана кызарууну кетирүүгө жардам берет.

№ 9 Тамандын чору

Кээде, узак басуудан улам, тамандын териси чор болуп калышы мүмкүн. Таманыңыз жумшак жана жибектей болуш үчүн жылуу сууга алма уксусун жана сода кошуңуз. Бул ваннада бутуңузду 15 мүнөт кармаңыз.

№ 10 Таза бет териси

Жакындан бери кара бет маскасы сулуулук блогерлери арасында абдан популярдуу болуп калды. Бул белгилүү продуктту үй шартында жасаса болот. Желатинди жана активдештирилген көмүрдү суу менен аралаштырыңыз. Жылытып, бетке жарым саатка сүйкөп коюңуз. Андан кийин аны жууп салыңыз.

№11 Тишти агартуу

Ашыкча сезимталдыкты пайда кылган тиш пасталарынын ордуна ушул рецепти колдонуңуз. Сода жана кулпунай пюресин аралыштырыңыз. Ушул аралашма менен тишиңизди тазалаңыз.

№12 Беттин жаңы териси

Эртең менен сонун көрүнсөңүз дагы, күндүн аягында бетиңиздин терисинде чарчоо белгилери байкала баштайт. Жүзүңүз узак убакыт сакталсын десеңиз, алоэ гелин сууга аралаштырып, бетке спрей катары колдонуңуз.

№ 13 Чачтын жагымдуу жыты

Күндүз чачыбыз айлана-чөйрөдөн жагымсыз жытты сиңирип эле албастан, терден улам жагымсыз жытты чыгарып баштайт. Чач жакшы жыттаныш үчүн, сүйүктүү атырыңызды таракка чачып, чачыңызды тараңыз.

№ 14 Эмчекти көтөрүү

Картайганда териңиз коллагенди жоготуп, төшүңүз салбырап баштайт. Мунун алдын алуу үчүн күнүгө кечинде вазелин сүйкөсөңүз, териңиздин ийкемдүүлүгүн калыбына келтирет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.