Сиз кызыңызга айта турган 21 кеңеш

Эне болуу зор бакыт. Анан да эне болуу оңой-олтоң иш эмес, албетте, сизден чоң эмгек талап кылынат.  Кызыңызга наристе чагынан  жашоонун  оош-кыйышы, ачуу–таттуусу жөнүндө акырындап айта бергениңиз оң.  Баланы жашынан дегендей,  чоң турмуштун кыйынчылыктарына баланы даярдай турган эне.

Биз адатта кыздарыбызды ханышадай тарбиялайбыз, бул албетте туура. Бирок, кичинекей ханышаларга жашоо жолундагы кез келе турган кыйынчылыктар тууралуу жана аларды кантип жеңе билүүнү дагы үйрөткөнүбүз абзел. Келечекте биздин ханышабыз турмуш жолунда кездешкен тоодой тоскоолдуктарды тоготпой, башын өйдө көтөрүп жеңиш үчүн биз төмөндөгү 21 кеңешти кызыбызга азыртадан айта берели.

 

1. Сүйүү адамды   дайыма  эле бактылуу кыла бербейт. Андыктан ийгиликсиз мамилелерден сабак алып, каталарды оңдошубуз керек. Кандай болгон күндө да жүрөгүбүздөгү сүйүүнү жана ишенимди жоготпойлу.

2. Бактылуу болуу бул биздин тандоо. Бакыт акчада, мансапта, же байлыкта эмес.

3. Жашоодо аялдар эркектерге баш-оту менен ишенип көп каталыктарды жасайт. Эркектин кооз сөздөрү, жасалма кылык-жоругунун артында жеке кызыкчылыгы бар экенин билишибиз маанилүү.

4. Эң башкысы өзүбүздү өзүбүз сыйлап жана сүйө билишибиз зарыл. Сизди урганга, басынтып-кемсинткенге бир да эркектин укугу жок. Мындай мамилелерди өз убагында токтотконуңуз оң. Уруп-сабап, кордогон эркектин барынан жогу жакшы эмеспи.

5. Биринчи жолуккан кишиге алданып калбай, ички туюмуңузду уга билиңиз. Бардык эле адамдарга ишенүүгө болбойт.

6. Чыныгы дос гана сени менен кайгыда кубанычта да бирге болот.

7. Күчтүү аялдар да ыйлашат. Кайгыңызды ичке катпай көз жаш менен сыртка чыгарыңыз. Терс энергиянын жана жаман эмоциялардын  көз жашка айланып агып кеткени жакшы. Бул ден соолукка да пайдалуу.

8. Сырткы келбет албетте, маанилүү, бирок ал башкы ролду ойнобойт. Ички сулуулук адамды нурдантып аялзатын аруу, сулуу көрсөтүп турат, ички сулуулугун сактай билген аял карыгында да көзгө сүйкүмдүү көрүнөт.

9. Бир иш кылаарда жети өлчөп, бир кесип дегендей, анын жыйынтыгы кандай          болоорун да ойлонуңуз.  Көпчүлүктүн артынан ээрчибей, жеке көз карашыңыз болушу керек.

10. Сын пикирди уга билүү керек, бирок, аны жүрөккө жакын кабыл албай, жөн гана каталыгыңызды мойнуңузга алыңыз. Балким, сизге сынтаккандар сизди көрө албай жаткан адамдар болуп жүрбөсүн.  Өзүнө ишенүү ийгиликтин ачкычы экенин унутпагыла.

11. Адамдардын баары эле ак пейил эмес, кээ бирөөлөр алдап кетишет. Чындык менен жалганды айырмалап билүү керек.

12. Жеке жашооңузду жар салып айта беребеңиз, өзгөчө үй бүлөдөгү уруш-чатактар, кыйынчылыктар  тууралуу башкалардын билбей эле койгону дурус. Башкаларга айткан менен маселе чечилбейт, кайра күчөйт.

13. Колуңузда бар нерсеге каниет кылыңыз да жашооңуздун мындан  дагы жакшы болушу үчүн тынымсыз аракет кыла бериңиз.

14. Жашоодо дайыма алдыга максат кое билиңиз. Баарын пландап, приоритеттүү багыттарды белгилеп алыңыз.  Баары эле өзүнөн өзү болуп калбайт. Аракеттенген адам гана максатына жетет.

15. Адамдын бактысы өз колунда.  Өз алдынча болуу, көз карандысыз болуу абдан маанилүү. Башка адамдын сиздин жашооңузду  көзөмөлгө алууга акысы жок.

16. Жакшылык кыла билиңиз бирок, аны жарыялоонун, анан калса мактангандын кажети жок.

17. Кечире билиңиз. Таарынычты, жек көрүүнү ичке жыйнагандын зыяндан башка пайдасы тийбейт.

18. Мамиле курууда албетте кыйынчылыктар да болот. Эгерде өз ара мамиледе эч кандай кыйынчылыктар болбосо демек, силердин ортоңордо баары алдагачан бүткөн деп жыйынтык чыгарсаңыз болот.

19. Кыйынчылыктарды бирге жеңе билгендер, татаал учурларда тил табыша билишет жана бир чечимге келе алышат.

20. Өткөн ишти  кайра козгоп каза бербеңиз, ал өткөн чактагы бир окуя катары гана калышы керек.  Учур чак менен жашап, келечекти ойлонууга не жетсин.

21. Жашоо – кермет! Кыйынчылыктар болот, бирок кыйынчылыктын артынан ийгиликтер да келет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.