Сиз гороскоп боюнча кайсы тиричилик техникасыз?

Кой

Сиз – үтүксүз. Четтен караганда, сизде баары жылмакай көрүнөт. Бирок, сүрүлүү үчүн “жылмакай” эффектти түзүүгө кандай температура керек экенин сиз гана билесиз. Сиздин көктүгүңүз менен максаттуулугунузга суктануу керек, себеби сиз чындап эле, кандай гана бырыш болбосун, жарактуу абалга чейин үтүктөп коёсуз. Сиз үтүктөгөн нерсенин баары, кереги жок чачылган нерселерден, жаңы үтүктөлгөн жана тыкан жыйналган нерселерге айланат.  Сиз сыяктуу үтүктөр көп болгондо, жашоо жакшы жакка өзгөрмөк!

Букачар

Сиз – чайнексиз. Эгер бул мебелдик гороскоп болгондо, сиз диван болмоксуз – ишеничтүү, олуттуу, жана сизга дайым кайрылса болот. Сиз чайнексиз, жаман ойлобоңуз, сыймыктансаңыз болот. Самоор сыяктуу, столдо эң башкы нерсесиз, ал эми башкалар айланаңызда тегеректеп жүрүшөт. Башкалардын чынылары кичинекей жана бош, сиз болсо чоң жана дайым толтурасыз, ошондуктан боштукту толтуруп турасыз. Дагы бир нерсе, баары эле капкакты ачып кайнаганын көргүсү келет, бирок суу кайначу убактан эч качан эрте кайнабасын түшүнүшпөйт. Кээ бири аны түшүнүш үчүн, жети чыны куюп беришиңиз керек – ошондо да, жетсе жетти, жетпесе жок. Сиз аянбайсыз деле, бирок сизди убактысы менен толтуруп туруш керек, антпесе спираль күйүп кетет.

Эгиздер

Сиз – компьютерсиз. Болгондо дагы толук комплектациядагы: процессору күчтүү, монитору зыңк, клавиатурасы кооз. Сиз оор маалыматтарды иштеп чыгасыз, эгер андай тапшырма коюлса, бирок аны аткаруу үчүн чычкан керек. Чычкансыз компьютер – кымбат баалуу система, бирок аны колдонууга мүмкүн эмес. Чычкан – бул компьютер менен сүйлөшүүнүн биринчи жолу. Чынында, ар кандайлары сая берсе болот, бирок эң жакшы көрсөткүчтү оптикалык башкаруу көрсөтөт.

Бөйөн

Сиз – газ плитасыз. Э-э-эң жакшы плита. Баарынын курсагын тойгузган, керектүү тамак-аш менен камсыздаган, баары үчүн ойлонгон, сиздин үйдө баары сизди тегеренип эле жүрүшөт. Жылуулук менен тынчтык сиздин жаныңызда, бирок кээде өзүңүздөн: “Мен дайым эле жылытам, бышырам, ал эми качан жашап баштайм” деген суроо саласыз. Ошол эле кезде кайра жооп бересиз: “Мен плитамын, ошону үчүн жылытам, бышырам – жашоомду баары “тиричиликте”. Кээде каңырсып күйүк май жыттанасыз, бул башкалар үчүн да, өзүңүз үчүн дагы чоң сыноо. Чынында баары жаман эмес, болгону сизге жакшы түтүн соргуч керек. Бул эркелегендик эмес, сиз үчүн жана сиздин жакындар үчүн зарылдык нерсе.

Арстан

Сиз – чаң соргучсуз. Бул дүйнөдөгү бардык үндөрдү соруп аласыз, сиздин алдыңызда башкалар үнү чыкпаган эле бирдемкелер. Таза абанын күчтүү агымы менен чаңды жана эски нерсени үйлөп таштайсыз. Сиз максатка багытталган энергиянын уюткусусуз жана көп нерсени өзүңүзгө соруп аласыз, кереги жок болсо дагы. Кандай гана нерсе болбосун, чөптөй болобу, тоодой болобу, берилгендик менен соруп, ичиңизге батырып аласыз. Кээде тоону батыра албай калганга капаланбаганды үйрөнүңүз, андан көрө ойлонуңуз: анын сизге кереги барбы?

Бийкеч

Сиз – видеокамерасыз. Бал дүйнөнү кылдаттык менен карап, баарын жазып жана анализделген, санариптешкен түрдө кайра чыгарган. Ооба, бул акылдуу аспап, бирок ал болуп жаткан окуяны гана жазып турат деген жаңылыштык. Видеокамеранын көрөгөч оптикасы болгон окуяны кереметтүү түрдө өзгөртө алат, жакшы жагына дагы, жаман жагына дагы. Кээ бир адамдарды видекамера такыр тарткысы келбейт, бирок башка дагы бактылуулар бар. Эгер видеокамера бирөөнү сүйүп калса, анда аны көз ачып жумгуча жылдызга айлантат.

Тараза

Сиз – магнитоласыз. Таразанын жебеси килограммдардын санын көргөзгөнгө караганда, FM-станциялардын арасында тентип жүргөнү шаңдуурак. Сизин диапазондун ичинде эмне деген гана аалам катылбаган, канчалаган сезим, ойлор жана мелодиялар. Бир станцияны тандап токтош канчалык оор. Бирок тандаш керек, себеби көптөгөн жыштыктын арасында адашып жүрүү, ызы-чуу менен коштолот. Бирок, башка жагынан караганда, беш мүнөт сүйлөшүп алып анан кайра музыкага чөмүлгөн жакшы эмеспи. Сизди сүйүшөт, сиз менен көңүлдүү, сиз дайым шайырсыз, сиз менен маанай жок болгондо дагы жакшы.

Чаян

Сиз – комбайнсыз. Баарынын чаңын чыгарасыз, сизге каршы туруу мүмкүн эмес, сиз бетондон башканын баарын бачагын чыгара аласыз. Дүйнөнү башкаргыңыз келет жана талкалай турган күч жок болсо ийгиликке жетпесиңизди түшүнөсүз. Сиздин ой боюнча, бул дүйнөнүн түзүлүшү ошондой: бир нерсени куруу алдында, аны талкалоо этабы бар, ал эми кайра жаратуу – сиздин натуранын экинчи бөлүгү, жана экинчи этабы – комбайн майдалаган чөп чарлардан, жер-жемиштерден даамдуу салат менен тамак жасагаңыз.

Жаачы

Сиз – телевизорсуз. Телевизор сыяктуу жылуулук чыгарып жана ичинен нурланганыңыз үчүн гана эмес. Башкысы, сиз жоомарттык менен колуңузда болгон нерсени бөлүшөсүз. Өзүңүздү башкаларга арнап коёсуз. Бирок, жаман айтпай жакшы жок дегендей, кээ бир адамдар сизди жамандыктын булагы деп да күнөөлөшөт. Сиз аларга болгону чындыкты гана айтасыз, ал эми ал болсо баарына эле жага бербейт. Ким чынчыл, ким кимди башкарат? Туура жоопту болгону сиз гана билесиз.

Текечер

Сиз – муздаткычсыз. Ашканадагы эле эмес, бүт үйдөгү негизги, маанилүү, башкы фигурасыз. Сиз муздаткыч болсоңуз дагы, жанды жылытасыз. Камырабаган жана каар мүнөз, сиздин келбетиңизден, ичиңизде эмне катылып жатканын түшүнүш кыйын. Ал жакта, сиз билгендей, алма-өрүк, ананас, банан жана башка таттуларга толтура. Муздаткычка тиешлүү Карлсондун философиялык фразасы бар: “Бул жерде эч нерсе жок, жана эч качан эч нерсе болбойт, эгер ичине бир нерсе салбасаң!”

Суукуйду

Сиз – кир жуугуч машинасыз. Кир жуугуч машинага дагы суу куйгандыктан эмес, кандай гана иш болбосун, олуттуу басым жасоо менен кылгандыктан. Ал иштер сизди “кубаттандырып” турат. Сиздин күчтүү энергияга бардык эле нерсе чыдай бербейт. Жука кездеме болсо аны айрып-тытып таштайсыз. Өз күчүңүздү башкара билишиңиз керек – кээде таза нерселер да болуп калат, сиз болсо ага карабай жууп таштайсыз. Туура программа тандаганды үйрөнүп алыңыз, кыска циклди же деликаттуу жууганды тандаңыз.

Балык

Сиз – уюлдук телефонсуз. Уюлдук телефон сыяктуу эле, бир караганда тынч жана эч кимге тийишпейсиз, кайсы бир бурчта жата бересиз, бирок сизге чалганга чейин гана. Күйүп турган маалда сиз өзүңүз аркылуу көптөгөн маалыматты коё бересиз, ичинде керектүүсү да бар, кереги жогу да бар. Сиз телефон болгондуктан, ким менен сүйлөшүштү өзүңүз тандай албайсыз. Бат эле “зарядыңыз” отуруп калат, ошондуктан бат-баттан “заряддалып” турушуңуз керек. Бирок сиз уюлдук телефон катары, дайым жаңыланып турасыз жана жашооңуздагы ар бир этапка жаңы модель болуп киресиз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.