Сиз эми жөтөл менен бронхиттен кыйналбайсыз: Сиз жана балаңыз үчүн табигый каражат

Жөтөл менен бронхитке каршы эң жакшы, эффективдүү табигый каражат.

 

 

Тилекке каршы, аба-ырайынын муздашы менен, жаш балдар, ал эле эмес чоң кишилер дагы жөтөл менен бронхитке кабылышат.

Бронхит туруктуу жана кургак же нымдуу жөтөл болот, адатта бир нече күндөн бир нече жумага чейин созулат.

Жөтөлгө каршы дарыларды “пачкалап” ичкенди токтотуңуз. Биз бүгүн сизге, табигый жана өтө эффективдүү каражатты сунуштайбыз.

Болгону инструкциядан четке чыкпаңыз.

Рецепт:

Бир порцияга керектүү ингредиенттер:

- 250 мл сүт
- 1 аш кашык маске май (сливочное масло)
- 1 аш кашык бал
- ¼ чай кашык аш содасы
- 1 жумуртканын сарысы

Даярдоо ыкмасы:

1. Биринчиден сүттү кайнатып бышырып кайра муздатып алыш керек.
2. Май менен балды кошуп жакшылап аралаштырыңыз.
3. Анан сода менен жумуртканын сарысын кошуп, дагы бир жолу аралаштырыңыз.

Сиздин дары даяр!

Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн, бул дарыны 5 күн жатаар алдында ичүү керек.

Какырыкты чыгаруу үчүн эң жакшы табигый каражат

Керектүү ингредиенттер:

- 2 аш кашык зайтун майы (оливковое масло)
- 2 аш кашык лимон ширеси
- 1 аш кашык бал
- 2 аш кашык таза суу

Бардык ингредиенттерди аралаштырып, күнүнө эки жолу ичиңиз: жарымын эртең менен, жарымын кечинде.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.