Шизофренияны аныктоочу тест: сүрөттөн эмне көрдүңүз?

Дени соо, жетишээрилик билими бар адам, кандайдыр бир кырдаалды карап жатканда, ага жашоо тайжырбасына карап мамиле кылат.

 

 

Жаңы маалыматты кабыл алып жатканда, дени соо адамда башкы ролду чогулткан тажрыйбасы ойнойт, шизофрения менен жабыркаган адамдын мээси тажрыйбаны колдонбойт.

Шизофрениялык жабыркоосу бар адам когнитивдик функциясынын жабыркашынан улам, мээси оптикалык иллюзияларды кабыл албайт. Так ушул өзгөчөлүктүн арты менен ар кандай психологиялык тесттер түзүлөт. Бул тесттер, адам реалдуулук менен айлана-чөйрөнү кандай кабыл алаарын аныктоого жардам  берет.

Бул тест бир караганда түшүнүксүз болгон картинадан турат. Тестти мааниси – катылган образдарды колдонуу. Психикасы соо адам, сүрөттү кароо менен түшүнүксүз так эмес элестерди көрөт: тактар, түтүн, жаныбарлардын сөлөкөтү, адамдар, кандайдыр бир топографиялык карта. Эл эми сиз эмне көрүп турасыз? Бул белгилүү тестти жакшылап караңыз:

Шизофрениялык жабыркоосу бар адамдар бир көргөндө эле – уйдун сүрөтү экенин айтышат. Алардын мээси, когнитивдик функциянын жабыркашынан улам, сүрөткө жашоо тажрыйбасын жана башка кошумча образдарды кошо албайт.

 

Шизофрениктерде фантазия болбойт, алар конкреттүү предметти гана көрүшөт, так ошол, сүрөттө эмне тартылган болсо, ошону көрүшөт. Ошондуктан, шизофрения менен ооруган адамдар, же мындай ооруга жакын адамдар бир караганда эле уйду көрүшөт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.