Шампунга шекер кошуп койгондун эмне пайдасы бар?

Чачтарына аябай кам көргөн кыздарга «баш теринин скрабы» деген каражат белгилүү болсо керек. Мындай каражат чачтын көлөмүн чоңойтуп, өсүшүн жакшыртат, ошондой эле баш терисинин кээ бир клеткаларын чыӊдайт жана кургатат.

 

 

 

Кээ бир мындай каражат чыгаруучуулар эки нерсени бириктирип, деңиз тузу болгон Collistar кошулган шампунь-скраб же ушундай эле жыйынтык берүүчү Ocean Big, Lush тузу кошулган каражат чыгарып келишет. Эки каражат тең дүйнө жүзүндөгү кыздарга жагып, пайдаланууга сунушталып келет.

Негизинен, ойчул бьюти-эксперттер бардык эле шампунду ушундай скрабга айлантуунун ыкмасын ойлоп табышкан. Ал үчүн эң оңой жана жеңил жолу, кадимки эле кумшекердин бир аш кашыгын шампунга кошуп коюш керек экендигин айтышат. Алаканга кумшекер менен шампундун кошулмасын аралаштырып туруп, чачтын түптөрүнө сүйкөп, көбүктүндөрөп, анан суу менен жууп, анан кондиционер сүйкөп, чайкап коюу керек.

 

Бул «СПА-процедуранын» изилдөөчүлөрүнүн айтымында, чач кадимкидей жумшак, көлөмдүү болуп, маска менен бальзам сыяктуу нерселерге караганда эффективдүү таасир берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.