Аң сезимди кеңейтүүчү психологдун 20 цитатасы!

Карл Густав Юнг – Фрейддин окуучусу, андан тышкары психологиянын терең багытын негиздеген позитивдүү психолог жана философ.

Кандай гана кыйынчылык болбосун – неврозбу же депрессиябы, анын баары өзүн үйрөнгөнгө же аң сезимин кеңейткен түрткүдөй көргөн.

Өзүбүз кандай болсок ошондой түшүнгөнгө жана кабыл алганга жардам берген 20 цитатасын сунуштайбыз.

Башкалардан кыжырланткандын баары, өзүңдү түшүнгөнгө алып келет.

Эгерде жөндөмдүү болсоң, бул бирөөнөн бир нерсе алууну эмес, тескерисинче бир нерсе бере алаарыңды түшүндүрөт.

Психикалык жактан соо адамды көргөзгүлөчү, айыктырайын.

Артка кылчайып ата энебизге, алдыга боло турган балдарыбызга умтулабыз, келечекте аларга кам көргүбүз келет.

Эмнеге каршы болсоң ошол болот.

Депрессия кара кийинген аялга окшош, келсе кубалабай дасторкого отургузуп, эмне айткысы келгенин ук.

Кээде мээ жетпеген табышмактардын жандырмагын кол менен табасың.

Түш – бул аң сезим пайда боло электе жаныбыз жүргөн баштапкы космостук түнгө эшик.

Башкалардан канааттанбагандын баары өзүңдү түшүнгөнгө алып келет.

Өз каалоолоруңду талдап чыкпасаң, аягына жете элексиң.

Эмне баштан өтсө мен ошол эмесмин, мен ким болом деп чечсем – ошолмун.

Биз өзүбүздү толук контролдойбуз деп ойлойбуз. Бирок, досубуз биз жөнүндө оюбузга келбеген нерселерди айтып бере алат.

"Сыйкырдуу" - психикалык деген сөздүн башкача аталышы.

Биз коомдун бир бөлүгүбүз, анын сырлары чексиз.

Эки инсандын жолугушуусу эки химиялык элементтин кошулуусундай, кичине эле реакция болсо экөө тең өзгөрөт.

Баланын моюнуна түшкөн эң оор жүк, ата энесинин өмүр жашын улоо.

Сенин көргөнүң ички дүйнөсүн көрө алганда гана ачык болот.

Сыртынан көргөн түш көргөн сымал, ички дүйнөсүн көргөндө – ойгонот.

Жалгыздык - тегерегиңде адамдардын жоктугу эмес, сен үчүн маанилүү нерселерди сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу, же сенин көз карашыңды кабыл албоосу.

Сенден кетип жаткан адамды кармаба. Сага келе турган адам келбей калат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.