Жашооңду жакшы жакка өзгөртүп, ийгиликке жеткиң келсе, бул 7 суроого күндө жооп берип тур

Биздин инстинкт – жоопторду издөө, бирок чындыгында, көп нерсеге суроолор үйрөтөт. Алар жөнөкөй суроо болушу мүмкүн, жооп талап кылбаган риторикалык суроо болушу да мүмкүн.

Туура убакта берилген туура суроо жашоонун жүрүшүн өзгөртүп, жаман ойлордон арылтып жана ооруган жүрөктү айыктырышы мүмкүн. Өмүрүңдүн аягына чейин өзүңө күндө берип турчу, кээсин күнүнө бир нече жолу бергенге болчу 7 суроо бар. Алар сени өзгөртүшү мүмкүн. Эгер мүмкүнчүлүк берсең

 

 

1. Ким менен убакытымды өткөрөм?

“Ким менен убакыт өткөрөөрүңдү айтсаң, сенин ким экениңди айтам”. Ким менен сүйлөшөсүң жана эмне кыласың – мунун баары биздин ким болушубузга таасир берет. Биз кылган нерселер биздин айлана-чөйрөбүздү калыптантат, жана бизди курчаган адамдар биз кыла турган нерселерге таасир берет. Өз досторуңду жана кесиптештериңди карап көр: алар сени шыктандырып жана барктап турабы же бутуңан ылдый тартабы?

Кичине кезинде нормалдуу бир нерсе кылбаган балдар менен ойногон бала жашоодо алгылыктуу бир нерсеге жетээрине көз жетпесин баарыбыз эле түшүнөбүз. Бирок, чоң киши деле, башкалар менен убакыт өткөрүп жатканда, жакпаган жумушуна чыдап отурганда же бактысыз жашоону башанан кечирип жатканда, жыйынтыгында ал деле ошого бараарын унутта калтырабыз.

Бул, сен окуган, көргөн, ойлогон нерселерге да тиешелүү. Сенин жашооң сенин айлана-чөйрөңдү чагылдырат. Ошондуктан, акылмандык менен өз чөйрөңдү танда.

2. Мен муну көзөмөлдөй аламбы?

Көзөмөлдөй аласыңбы, же ал колуңан келбейби, айырмалай билүү өтө маанилүү – эмне бизден көз каранды, эмне көз каранды эмес. Анткени, биз толгон-токой убактыбызды, өзүбүз өзгөртө албаган нерселерге жумшайбыз, жыйынтыгында, колубуздан келген нерсени кылганга болчу көптөгөн мүмкүнчүлуктөрдү коё берип жиберебиз.

Биздин кылган иштер, ойлор, сезимдер – булар биздин көзөмөл астында. Башка адамдар, аба-ырайы, сырткы окуялар – жок. Бирок, башка адамдарга, аба-ырайына жана сырткы окуяларга болгон биздин реакциябыз – биздин көзөмөл астында. Айырманы түшүнүү бизди бактылуу жана ийгиликтүү кылат.

3. Менин идеалдуу күнүм кандай?

Эгер сен идеалдуу күнүң кандай болоорун билбесең, жашооңду жакшы жакка өзгөртүү үчүн кантип чечим кабыл алып же план түзгөнү жатасың? Сенин жумушуң, жеке жашооң, керек болсо сен жашаган жериң, сенин идеалыңа жол салып жатканына ынан, тескерисинче, артка тартпагандай болсун.

4. Түр кылуу же кылуу?

Кандай жол менен барасың? Бирөөлөр кылат, бирөөлөр болсо кылгандай түр кылат. Бирөөлөр ийгиликке жетип, белгилүү жана акчалуу болгусу келет, башкалары, өздөрүнүн кылганы жана жетишкендиктери менен ийгиликтүү болушат.  

5. Толкундануу менен коркуунун ортосунда бирин тандап жатып, мен эмне жоготом?

Жашоодогу кыйынчылыктар көптөгөн эмоцияларды ойготот, бирок аларды жеңүүнүн жалгыз жолу – эмоцияларды көзөмөлдөө, өзгөчө, аша чаап кеткендерин. Катуу нерв болуп жана коркуп жатканда, эмне жоготуп атканыңды ойлонуп көр – кырдаалга тиешелүү кыраакылыгыңды, ыкыласыңды жана оюңдун топтолушун жоготуп жатасың. Терең дем алып, кайра экинчи суроого кайрыл.

6. Мен үчүн эмне эң маанилүү?

Эгер бул суроого жообуң жок болсо, туура жолдо баратканыңды кантип билесиң? Ар бир адамдын өз баалуулуктары бар, ошондуктан өзүңдү башкалар менен салыштырып кереги жок. Бирөөдө биричи орунда үй бүлө болсо, башкасында – акча. Демек, өзүн алып жүрүүсү да эки башка болот. Өзүңдү алдаба жана башка “ийгиликтүү” адамдардан ашып кетем деп делбектебе. Сага эмне маанилүү экенин аныкта жана ага макул болуп жаша.

7. Бул мен үчүн чын эле маанилүүбү?

Биздин жашоону толугу менен эске алганда, азыр ойлонуп жатканың, кайгырганың, уруштарың, азап чеккениң чындап эле маанилүүбү? Көбүнчө жообу - “жок”. Жакшысы, бул суроону, өз убактыңды жөн эле кетирип баштагандын алдында бер.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.