Сенин соцтармактарда жазган комментарийлериң сен жөнүндө эмне маалымат берет

Талашып-тартышканды, белгилүү адамдардын сүрөттөрүнө  комментарий калтырганды, же башка бирөөлөрдүн жашоосунда кетирген каталарын талкуулаганды жакшы көрөсүңбү?

Биздин, өзүбүздү соцтармактарда алып жүрүүбүз, өзүбүз жөнүндө көп нерселерди айтып берет. Анда алдыда психологдун айткан сөздөрүнө токтололу.

Сен жылдыздардын сырткы келбетиндаги жетишпестиктерди көрсөткөндү жакшы көрөсүң

Башкаларды катуу сындаган адам, көбүнчө өзүн сындаганды жаман көрөт.

Мындай комментарийлер, сенин белгилүү болушка кылган аракетиңен кабар берет. Башка адамдардын кадыр-баркын төмөндөтүү менен, өз сүймөчүлүгүндүн төмөндүгүн далилдейсиң. Андан сырткары, сени адамдын ички дүйнөсү кызыктырбайт – сага маанилүүсү: адамдын сырткы келбети жана престиж менен ийгиликтин атрибуттары.

Дагы бир вариант: мүмкүн сен мода чагылдыруучусуң, адамдан жетишпегендик издөө – сенин жумушуңдур. Бирок эсиңде болсо, ар ким өзүнө жаккан профессияны тандайт. Эгер сенде мындай муктаждык болсо, анда сен туура эле кылып жатасың: достор жана туугандар менен кайым айтышканча, ушинтип пар чыгарып алган жакшы.

Сен башкалардын жеке жашоосун талкуулаганды жакшы көрөсүң

Сен өзүңдү сүйүү иштеринде “гуру” сезесиң. Балким, бул жаатта сенин чоң тажрыйбаң бар, же адамдын ички сезимин жакшы түшүнөөрүңдү башкаларга далилдегиң келет. Эгер чындыгында бул түшүнүктөр азыраак болсо, анда сен өзүңдүн жашооңдогу ийгиликтин жоктугун жашырып жатасың жана тапкан кирешене, коомдогу ордуңа нааразысың.

 
Сен көптү билээриңди иш-ара кыласың

Дос кызың кооз макияж менен түшкөн сүрөтүн илсе, “жигити пайда болуптур” деп комментарий калтырганга шашасың. Сен дайым акыркы жаңылыктардын баарын элден биринчи билип турушуң керек. Кай жерде болсоң дагы биринчи орунда болгонго аракеттенесиң. Эмнегедир сен өзүңдүн барктуулугуңа ишенбейсиң, ошентип өзүндүн статусуңду башкалардын жашоосунда көргөзүп турасың.

 
Сен өзүңдүң жеке тажрыйбаңды мисал келтиресиң

Көбүнчө, “Мени менен мындай болмок эмес, себеби, мен баарын туура кылам” деген сыяктуу контекстти көп колдоносуң. Так ушул сөздөр менен өзүңдү “жакшы, акылдуу” кылып көргөзөсүң (демек, түпкүрүдө сен өзүңө ишенбейсиң) жана виртуалдык досторуңдун алкышын аласың. Башкача айтканда, тегеректеги адамдар сенин башыңан сылап туруусу, сен үчүн өтө маанилүү.

 
Сен түгөнбөгөн мүнөздөмө менен арызданууларды жазасың

Аларды өзүң сатып алган бренддердин баракчаларында кыласың. Бул социалдык барктуулугуңду далилдөөчү дагы бир ыкма, өзгөчө, эгер компания кымбат баалуу люкстук товарларды сатса. Же болбосо, өзүң кетирген каталарды башкалар кетирбесин деген мааниде. Ошентсе да, белгилүү бренддердин аты менен өзүңдүн маанилүүлүгүңө басым жасаганга аракет кылып жатасың.

 
Сен бардык нерсени айтышып-талашып турасың

Идеалдуу жашоодо айтышып-талашуу – бул чындыкты издөө. Реалдуу жашоодо болсо – өзүңдүн позицияңды жалгыз туура деп агрессивдүү түрдө жеткирүү. Балким сенде көп агресия чогулуп жатат. Дагы сен өзүңдүн “билимдүүлүгүң менен авторитетиңди” эл алдында көргөзүп жатасың.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.