Сенин колуң менен бутуң сен жөнүндө эмне айтат? Өзүң тууралуу чындыкты билип ал

Унчукпай турсаң дагы, сенин буттарың менен колдоруң сен тууралуу көп нерсени айтып коёт. Мисалы, буттун сөөмөйү бармактан узун болсо, ал эмне? Эмнегедир, муштум түйгөнүң сенин мүнөзүңдү сүрөттөй алат.

Демек, алдыда сен тууралуу буттарың жана колдоруң айта турган 10 шексиз факт. Баштадык...

 

 

1. Биринчиден, жөн эле, адатта кандай кылсаң, ошондой эле муштумуңду түй. Эми ошол бойдон жакшылап карап ал

- Бармагың башка манжалардын үстүндө эмес, капталда же бош болсо, анда жумшак мүнөздүү, жашоого жеңил караган адамсың.

- Эгер бармагың башка манжалардын үстүндө болсо, анда ар кайсы нерсеге реалдуу баа берген, катуу мүнөз адамсың.

- Акыры, эгер муштумду түйгөндө, бармагың башка манжалардын ичинде калса, анда сен түнт, адамдар менен сүйлөшүүдө көйгөйлөрүң бар адамсың.

2. Эми бутка өтөлү. Мандаларды жакшылап карап, сөөмөйүңө көңүл бур

- Бармак менен сөөмөйдүн узундугу бирдей болсо, бул рим буту делет. Көбүнчө түнт, бирок ачуусу чукул адамдарда болот. Мындай буттуулар ишкер жана төрт тарабы төп адамдар болушат.

- Бардык манжалар болжол менен бирдей болсо, бул дыйкан бут деп аталат. Жайбаракат мүнөздүү иштерман жана жоопкерчиликтүү адамдар.

- Эгер ал бармактан узун болсо, бул грек буту деп аталат. Кызыгы, мындай буттарды Байкыркы Грек статуяларынын баарынан байкасак болот. Психологдордун айтымында, мындай буттар спортсмендерде, артисттерде жана саясатчыларда болот.

- Акыркы вариант, эгер бармак чоң болуп, калган манжалар бир калыпта кыскарса, анда бул адам көбүнчө түнт, бирок ачуусу чукул болот.

3. Эми кайра колго өтөлү. Жакшылап кара, өзгөчө аты жокту

- Сөөмөй аты-жоктон кыска болсо, бул адамдар сүйлөшүүдө аябай жагымдуу келишет. Чечкиндүү болушуп, маселелердин жолун таба билет. Эң башкы жакшы сапаттарынын бири – маектешинин түшүнүп, кайгысын тең бөлүшө алат. Бул адамдардан эң жакшы инженер, окумуштуу жана логикалык ой жүгүртүүсү күчтүүлөр чыгат.

- Сөөмөй менен аты-жок бирдей болсо, Мындай манжалардын ээлери мээримдүү болушуп, тынчтыкты сүйүп, конфликттен алыс болушат. Табигатынан уюштургуч адамдар. Мындай адамдар мамиледе да, иште да ишеничтүү болушат. Бирок жиндерине тийип албоо керек.

- Сөөмөй аты-жоктон узун болсо, мындай адамдар — өзүнө ишенген адамдар, өздөрүн жетиштүү камсыздай алышат. Убакытты текке кетиргенди жаман көрүшөт. Булар бирөөлөрдүн мактоосун жана көңүл буруусун жактырышат.

Сеники кандай? Бул жакта жазылгандар менен макулсуңбу?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.