Сен сезимтал айым экениңдин 10 белгиси. Аны менен сыймыктанышың керек

 

 

 

 

1. Сен өзүңдүн эмоционалдык абалың айланаңдагы адамдардын сезимдерине карата өзгөрөөрүн байкайсың

Сен өзүңдүң эмоционалдык абалыңды жакшы сезесиң, бирок көбүнчө айланаңдагы адамдардын сезимдерин өзүңө жакын кабыл аласың. Эгер сенин жакын адамың өзүн жаман сезип турса, сен баары жакшы деп аны алдай албайсың. Сөзсүз ал адамга жардамыңды сунуштап же чогуу ыйлап жанында болушуң керек. Жакындарыңды түшүнүү менен колдоп турушуң, сүйүүң жана позитивиң менен бөлүшүшүң жана алар кандай кыйынчылыкты башынан өткөрүп жатканын сезип турушуң – сенин эң жакшы сапатың.

 
2. Сен бирөөнүн кайгысын жөн эле угуп отура албайсың, ага активдүү жардам берип, колдогуң келет

Сага бирөө өзүнүн сырын ишенип айтканда, сен жөн эле, пассивдүү отура албайсың. Колдон келишинче ага жардам берип, анын жашоосун жакшыртканга сөз менен гана эмес, ишиң менен да аракет кыласың.

3. Сен ар бир эмоцияга терең көңүл бурасың, майда-чүйдө нерсе дагы сен үчүн маанилүү

Айланадагынын баары сенин сезимиңди ойготот: канатын сындырып алган чымчыктан баштап Африкадагы ачка балдарга чейин – бирок сен өзүңдү токтото албайсың. Сен күндүн кандай сонун болуп турганыңа да сүйүнүп ыйлаганыңды да көзөмөлдөй албай каласың. Сен үчүн бардыгы маанилүү.

 
4. Сен сүйүүдө көп жолу чалынгансың, борок дагы деле ага ишенесиң

Сен баарын терең сезесиң жана баарын терең сүйөсүң, ошондуктан сенин мамилелериң өтө маанилүү. Жүрөгүңдү бир эле жолу эмес, бир нече жолу оорутушкан, бирок сенин ички сезимиңдин байлыгынын айынан сүйүүдөн коркпойсуң жана кайра-кайра жүрөгүңдү башкаларга ача бересиң.

5. Мамиледе сен аябай берилесиң

Сен сүйүүнү жеңил кабыл албайсың – романтикалык болобу же кургак болобу. Сенин жашооңдогу адамдардын бардыгы сен үчүн маанилүү, алардын баарын барктайсың жана эч качан аны айтып турганды унутпайсың.

 
6. Сенин айланаңдагы адамдар жана дүйнө менен сен бир бир толкундасың

Сенин сезимталдыгың тегерегиңдегинин бардыгын түшүнүп жана сезгенге жол берет. Башкалардын оюн, муңун жана эмоцияларын сезесиң. Адам эмне ойлоп, эмне сезип турганын айтпаса да билип турасың. Башкаларды түшүнүп гана тим болбостон, угуп жана керек болсо колдой да аласың.

7. Сени таарынтып алыш оңой, өзгөчө сөз менен

Атайын же байкабай таарынтып алган адамдар сага терс таасир тийгизет. Бул сенин терс жагыңдай көрүнүшү мүмкүн, бирок сезимталдыгың башкаларды боорукер кылганга үйрөтөт. Айланаңды акырындык менен жакшы жакка өзгөртө аласың. Сезимдериң сени ачык жана жароокер адам болгонго жардам берет. Сен аны менен сыймыктанышың керек!

 
8. Сен керт башыңды ойлонбойсуң

Башкалар жөнүндө – алардын эмоциясы, көйгөйлөрү жөнүндө сөз болгондо – сен бардыгын таштап салып, ага жардам бергенге шашасың. Алар сезип жаткан нерсени түшүнгөнгө аракет кылып тим болбостон, өзүңөн, өз сезимдериң менен көйгөйлөрүңөн да жогору коёсуң.

9. Сен бир нерсе айтып же кандайдыр бир чечим кабыл алганча, угузгандан мурун оюңан чыгарбай өз ичиңде чечмей адатың бар

Гиперанализ адатта зыяндуу, бирок сенин сезимтал жүрөгүң менен ал жакшы нерсе гана алып келет. Бардыгын тыкыр ойлоносуң, себеби сага баары бир эмес. Бирөөнүн сезимдерине катуу тийип албайын деп, кандай кылышты көп ойлоносуң. Айтаардан мурун ойлоносуң, себеби сен эмоционалдуу гана болуп төрөлбөстөн, рационалдуу болуп да төрөлгөнсүң, бул бардык жагдайда жакшы экени белгилүү.

 
10. Сен кантип сүйүштү билесиң

Сен сезимталсың, ошондуктан сен бирөөгө кантип кам көрүштү, кантип сезимдериңди билгизгенди, кантип адамдарга жүрөгүңдү ачышты билесиң. Мамиле көп күч сарптаарын билесиң, башкысы сен ага даярсың. Так ошол өзүңдүң сезимтал жүрөгүңдүн айынан сен чыныгы сүйүктүү адамсың.

Facebook барагыбызга жазылыңыз