Семирүүгө жол таштаган 13 адат

Адаттын баарын эле зыяндуу дегенге болбойт, бирок сенин фигураңдын идеалдуу болуусуна тоскоолдук жараткан адаттар бар. Алар кайсы?

Көбүнчө биз майда-чүйдө күндөлүк кылган адаттарыбызга көңүл деле бурбайбыз. Бирок так ошолор ашыкча салмактуулукка алып келээрин билбейбиз.

Зыңкыйган фигуранын ээси болгуң келсе, күндөлүк кылган адаттарыңдың кээ биринен арыл – деп эксперттер кеңеш беришет.

1. Майсыздандырылган азыктарды колдонуу

Мындай азыктар калориялык жагынан анча деле айырмаланбайт. Алардын курамында эффективдүүлүгү аз углевод майдын ордун алмаштырат.

Эсиңде болсун: аз сандагы май углеводго караганда алда канча жакшы.

2. Суунун аздыгы

Организмдеги суунун аздыгы метаболизм процессине терс таасир тийгизет жана токсиндерди организмден чыгарбай кармап калат. Жетиштүү сандагы таза суу – диетанын базалык эрежеси.

3. Уйкунун жетишсиздиги

Уйкусу канбаган адамдар көп углевод талап кылышаары далилденген. Көп уктасаң – аз жейсиң!

4. Газдалган суусундуктар

Организмге олуттуу зыян келтирүүчү шекер, зыяндуу кислоталар жана инсулиндик кошулмалар – булар газдалган суунун курамынын чекеси гана. Эгер газдалган суудан баш тартсаң – жакын арада кандай өзгөрүү болгонун көрөсүң.

5. Түшкү тамактан баш тартуу

Баарыбыз эле, эгер түштө тамактанбай койсок, бул арыктоого жардам берет деп ойлойбуз. Бирок бул адат оргнизмдеги метаболизмге терс таасир берет жана кийинки тамактанууда көбүрөөк жеп алганга түрткү болот.

 
6. Бат-баттан жеш

Организм курсак тойду деп мээге сигнал бергенге 20 мүнөттөй убакыт керек. Ойлонуп көрсөң, мынча убакта канча тамак жеп жетишесиң. Шашпай тамактанып, даамдан ыракат ал.

7. Аралашма тамактар

Аралашма тамактар өзүнө чоң коркунуч катып жатат. Аны менен көп, кереги жок калория аласың. Андан көрө бир тамакты танда!

8. Диеталар

Жасалма түрдө аз тамактанып, тигил же бул азыктан баш тарканың организмге пайда деле алып келбейт. Диетаң бүтөөрү менен кайра эле адаттарыңды баштайсың.

9. Чоң идиштер

Чоң тарелка психологиялык жактан көп жегенге түрткү берет. Сервизиңди карап көр, кичине тарелка бардыр.

10. Кыймылдын аздыгы

Стресс гармону – картолиздин – денгээлинин көтөрүлүшү кандын курамындагы аномалияларга алып келет. Бул гармонду бир денгээлде сактоо үчүн кыймыл керек. Азыртан баштап йога, фитнес менен алектен жана сейилдөөгө чык.

11. Эффективсиз калориялар

Ден соолукка жагымдуу тамак жегенге аракет кылган күндө дагы, аны туура кылып атканыңды бир кудай билбесе... Туура тамактануу мындай болуш керек: 50% жашылча-жемиш, 35% майсыз белок жана 15% май.

12. Витаминдин жетишсиздиги

Витаминдер зыяндуу холестерин менен кандагы шекердин денгээлин көзөмөлдөйт. Витамин жетиштүү болгондо ашыкча майдан арыласың.

13. Прокрастинация

Прокрастинация – бул баарын эртеңге калтырган адат. Биз бардык нерсени: арыктоого аракетти, спортзалга барышты, активдүү эс алууну мификалык эртеңге калтыра беребиз. Чечтиңби – башта!