Себепсиз пайда болгон денедеги көк-алалар организмдеги 7 көйгөй жөнүндө айтат

Эгерде денеде себепсиз көк ала пайда болсо кантип түшүнүш керек жана кабатыр болуш керекпи?

Anan.kg сайты денеде тез-тез себепсиз көк-ала пайда болгондо, организм эмне болуп жатканы жөнүндө врачтардын оюн чогултту.

Көңүл буруп адистертин кеңешин алыңыз. Бул көйгөйдү караган врач гематолог.

Эгер көк ала пайда болсо, анда капиллярлар жукарып кеткен. Буга эмне себеп?

1. Дары дармек ичүү

Канга таасирин тийгизген дары дармектерди ичүү, чала көрүнгөн же күчтүү көк-аланы пайда кылат. Көбүнчө антидепрессанттар, анальгетиктер, курамында темир бар,  сезгенүүгө каршы, астамага каршы дарылар. Канды суюлтуп, көк-ала пайда кылчу дарынын кеңири тараганы аспирин, кавинтон.

Эгерде денеңизде дары ичкенден кийин көк ала пайда болгонун байкасаңыз, врачка кайрылыңыз. Ички кансыроо болбош үчүн, дары ичүүнү убактылуу токтотуш керек болот.

2. Кан оорулары

Дагы мүмкүн болгон себептеринин бири — кан жана кан тамыр оорулары. Варикоз, Виллебранд оорусу, тромбоцитопения же коркунучтуу лейкемия диагнозу — ар дайым кан айлануунун көйгөйү. Эгерде өзүңүздөн оору, буттардын шишиги, тиш этинин каноосу, денеде майда капиллярдык чекиттердин пайда болушу, мурундун каноосу болсо анда эч токтобой доктурга кайрылууңуз керек.

3. Азыктандыруучу заттардын жетишсиздиги

Витаминдер! Балдар керектүү өлчөмдө алып туруусун көзөмөлдөп, өзүбүз жөнүндө унутуп коёбуз. Күтүүсүз пайда болгон көк-ала организмге керектүү элемент жетишпегенин эскертет. В12 витамини кан айланууга, К витамини кан уюушуна, ал эми С витамини тамырларда жаңы ткандын пайда болушуна жардам берет.

Дагы бир негизги витамин - Р. Ал жок коллаген иштелип чыкпай, тамырлар жукарат. Бул көк-ала гана пайда кылбастан, теринин ла бузулушуна алып келет. Темирди дайым бир калыпта алып жүрүш керек, жетишпесе да, ашык болсо да капиллярларга терс таасирин тийгизет. Өз алдынча витамин жебей, сөзсүз анализ тапшырып, кайсыл жетишсиз экенин билүү керек. Р витамини жаңы жасалган көк чайда, алмада, ашкабакта жана сарымсакта бар. К витамини бананда, жумурткада, жаңгакта жана майлуу балыкта бар. В12 уйдун боорунда, балыкта, эжигейде жана ашкөктө болот.

 
4. Күч машыгуу, оордук көтөрүү

Оор көтөрүү - көк-ала пайда болуунун негизги эмес себеби. Демек капиллярлар өтө жукарган жана физикалык күч келгенде көгөрүп чыгат. Ал эле эмес өтө оор көтөрүү соо капиллярлардын деле жарылышына алып келет. Мисалы сиз даяр болбогон күч көнүгүүлөрү. Мындай көк-ала оор портфель көтөргөн мектеп окуучусунда да пайда болушу мүмкүн. Булчуң чыңалышында пайда болгон көк-ала коркунучсуз болуп эсептелет, бирок алыңарга жараша эле көтөргөнүңөр туура.

 
5. Гормондук бузулуулар

Көбүнчө гормоналдык термелүүдөн көк-ала пайда болот. Организмде эстроген жетишпегенде пайда болот.

Бүл көбүнчө менопаузада, гормоналдык дарыларды ичкенден, кош бойлуулукта болот. Эстрогендин жетишсиздиги тамырларды алсыз кылып, капиллярларга доо келтирет.

6. Жаш курак өзгөрүүлөрү

Врачтар айткан кайгылуу, бирок табигый себеби, организмдин жыл өткөн сайын өзгөргөнү, капиллярлардын эскиргени. Жыл өткөн сайын ткандын чоюлчаактыктыгы кетип, кан тамыр системасы алсырайт.

Көбүнчө жаш курак көк-аласы бутта пайда болгонун байкаса болот.

Билинээр билинбес уруп алганды жаш кезде тоготпосо, жаш өткөн сайын андай уруп алуудан көк-ала пайда болот.

 
7. Кант диабети

Кант жана кан - бул ооруда эң биринчи эле ойго келчү нерселер. Диабет кан айланууда терс таасирин тийгизгендиктен көк-ала оңой эле пайла болот. Сөзсүз эле өөрчүгөн кезинде эмес, жаңы башталышында деле болушу мүмкүн.

Башка белгилери: чаңкоо, жаранын жай калыбына келиши, бат чарчоо, көзгө чел кабык тартылуусу, денеде ак тактардын пайда болуусу.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.