Сауд Аравиясынын канзаадалары үчүн алтын түрмө

Коррупцияга шектелип кармалган Сауд Аравиясынын канзаадалары түрмө ордуна Эр Рияддагы беш жылдыздуу Ритц Карлтон отелине жайгаштырылышты. Бул тууралуу The New York Times гезити басып, ал тууралуу видеону таратты.

 

 

Кадрда чоң фойе, полдо жайылган матрацтар көрүнөт. Аларда төшөк астында королдун үй-бүлө мүчөлөрү жана башка коррупцияга шектелген бийик даражадагы адамдар уктап жатышат.

Видеону сакчылардын бири тарткан деп болжолдонууда.

 

Аларды өлкөдөн чыкканга тыюу салды жана банктык эсептери камакка алынды.

Башкарган үй-бүлөнүн мүчөлөрүн мыйзамсыз курал-жарак сатууга, акчаны адалдоого жана башка коррупциялык кылмыштарга шектенип жатышат.

 

Коррупционерлерди кармагандан кийин, отельдин убактылуу жашоочуларынын баары чыгарылып, 16-ноябрга чейин отелге киши киргизүүгө тыюу салынды.

Жергиликтүү, аты аталбаган чиновниктин айтымында, эгер камалгандарды жөнөкөй түрмөгө жайгаштырса, король бийлигинин бутактарынын арасында жаңжал чыгып кетиши мүмкүн.

Алдыда алтын түрмөдөн бир нече сүрөт.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.