Санды ашык сантиметрлерлен арылтуучу 3 кеңеш

Денебиздин эң көйгөйлүү бөлүгү сан болуп эсептелет. Окумуштуулар солкулдап калыбына келтирген бир канча кеңеш сунуштайт.

Майды кетирүүчү кандай көнүгүүлөр бар?

 

Жашоо образыңызды өзгөртүңүз

Меннисота штатында жайгашкан дүйнөдөгү эң ири клиникалардын бири Майодо майлуу тамактарды жебей диета кармоону сунуштайт. Ошондой эле врачтар жашоодогу кичине өзгөрүүлөр, лифт колдонбой жөө чыгып-түшүү, жакшы жыйынтыктарды берет деп эсептейт.

Күч машыгуусу

Бутка арналган кээ бир көнүгүүлөр майды жоготуп, булчуңдарды калыбына келтирет. Алардын эң мыктысы "качыруу" – бутту чыңдап, булчуңдарды тонуска алып келет.

Буттарды ийиндин жазылыгына бири бирине параллель коюп, белди аркага ийип, тизелерди да бүктөш керек. Алдыга чоң кадам таштап, дененин салмагын алдыдагы бутка таштап, бирок тулку бой түз кармалыш керек.

Алдыңкы бутка кичине отуруп-туруп, кайра баштапкы абалга келгиле. Экинчи бут менен кайталоо керек.

Ырааттуу көнүгүүлөр

Жакшы машыгуу жок дегенде 30 мүнөт созулуш керек. Бир паста 30 мүнөт же бир саат машыга албасаңыз, башында көнүгүүлөрдү жок дегенде күнүнө 15 мүнөттөн жасап баштасаңыз болот. Андан кийин күчтүү машыгууга өткөнгө болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.