Сандар сүйлөйт. Телефонубуздун номери кандай болушу керек?

Телефондун номери  телефондук сүйлөшүүлөргө чоң таасир тийгизет дешет нумерологдор. Алардын айтымына караганда телефон номерлери  сүйлөшүүлөргө гана эмес турмушубузга, бизнес, кызматыбызга дагы кандайдыр бир деңгээлде таасир берет экен. Тамчы ташты тешет дегендей  сизге туура келбеген номерлүү телефонду пайдалансаңыз негативдүү энергия акырындап жыйыла берет да бир күнү тарс жарылып жаман жагдайга кириптер кылышы мүмкүн экен.  Ишибиз ар тараптан ийгиликтүү болушун кааласак анда бактылуу номерди колдонолу. Андыктан телефонуңуздагы цифраларды кошуп, санап чыгыңыз. Акырында  бир сан калат. Сиздин телефонуңуздун нумерологиялык саны ошол. Мисалы: 0702 12 34 56  0+7+0+2+1+2+3+4+5+6=30. 3+0=3 Бул жерде 3 деген сан чыкты.

 

 

 

 

1 саны. Телефонуңуздун номеринин жыйындысы бир деген санга такалса мындай номер, офис, фирма, мамлекеттик мекемелерге ылайыктуу экенин эске салабыз. Бул сан карыздарды өндүрүүчү мекемелерге, реклама менен иштеген жана соода-сатык жүргүзгөндөргө абдан жакшы 1 саны атаандаштар арасынан суурулуп чыгууга далбастагандарга жакшы. Мындай сандуу телефон аркылуу көп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жакшы жыйынтыкка жетсе болот.

Жеке жашоодо. Негизи 1 саны эркектерге ылайыктуу сан. Кайраттуулукту жана ишкерликтин символу. Мындай телефон мененбирөөлөргө тапшырма берүү кардиналдуу башкаруу, көп көйгөйлөрдү чечүүгө болот.

2 саны -  мындай номерди жеке турмушта колдонуу жакшы, себеби 2 саны мамиле түзүүгө абдан ылайыктуу. Ортомчуларга, журналисттерге, фрилансерлерге ыңгайлуу сан. 2 саны өнөктөштүккө, башка адамдар дайыма байланыш түзүп турууга шарт түзөт. Бул номерди балдар үйлөрүнө, карылар үйүнө, медициналык мекемелерге, кеңеш берүүчү мекемелерге койсо жакшы натыйжа берет.

Жеке жашоодо аялдарга ылайыктуу сан. Жылуу-жумшак байланыш түзүүгө, көйгөйлөрдү бөлүшүүгө, жалгыз бойлорго эң ыңгайлуу номерлердин жыйындысы 2 деген санга айланганы дурус.

 

 

3 -  кубаныч шаттык, чыгармачылык энергиясына ээ сан. Сатуучуларга, журналисттерге, реклама менен иштеген адистерге жана чыгармачылык менен алектенген инсандарга  абдан ылайыктуу номерлердин кошундусу 3 болууга тийиш. Турфирмаларга, галлерия, кинотеатр, театр, мейманкана жана  транспорттук компаниялар үчүн  ылайыктуу. 3 деген сандуу номер ээлери тынымсыз сүйлөшүп, ммс, смс ала беришет. Эгер сиз тынчтыкты сүйгөн адам болсоңуз, бул номер үчүн эмес.

 

 

4 Сандуу телефондо кыска нуска сүйлөшүү кажет. Так маалымат берүүгө ыңгайлуу номер. Ири бизнес компанияларына жана  чечимди бат кабыл ала турган иштер менен алектенгендерге  эң жакшы номер. 4 саны  олуттуу, көп сүйлөбөгөн адамдарга туура келет.  4 саны архитектор, инженер, куруучу компаниялар, бухгалтер, автосалон, мектеп, техникалык шаймандарды сатуучу дүкөн ж.б. дегеле так таасын маалымат берүүчүлөргө ылайыктуу. Үнөмчүл, бүйрө, жоопкерчиликтүү адамдарга туура келген бул номер, көп сүйлөгөн өзгөчө телефондо бажырап көп сүйлөй бергендерге  такыр туура келбейт.

5 саны чыгармачылыкта жалгыз иштеген адамдарга ылайыктуу, мисалы,  тамадаларга, заказга сүрөт тарткан сүрөтчүлөргө, бычмачы, тикмечи, саймачы сыяктуу. 5 номерлүү телефондор расмий мекемелерге анчалык туура келбейт. Редакция, жарнама менен иштеген компанияларга, турагенттерге, казино, түнкү клубдарга да 5 деген номер абдан жагымдуу жагдай жаратат. Эгерде гаджетте “5” сандуу номер болсо байланышкан адамдардын көптүгүнөн гаджетиңиз  “уктап” калышы мүмкүн.

 

 

6 саны бала баккандардын, психолог, мугалим, билим мекемелеринин телефон номери болсо абдан сонун болмок. Мындан тышкары  аптека, чачтарач, сулуулук салондоруна дагы ийгилик алып келүүчү сан. Эгер чыгармачылык менен алектенген жамаатар иш телефонуна ушул номерди алышса заказдары арбын болот. Номер вибрациясы – үй бүлөлүү адамдарга, өнөктөштөргө, сүйүшүп жүргөн жаштарга жагымдуу таасир берет. Эгерде жалгыз бойлор түгөйүн тапкысы келсе “6” санына айланган  номерди уюлдук телефонуна салып алса жыйынтыгы жаман болбойт.

 

7 саны тынымсыз вибрация үчүн эмес.  Музей, көргөзмө залдары үчүн 7 саны ылайык. 7 саны сырдуу сан, жашыруун тыңчылардын,  детектив жана илимпоз кыскасы эки жашоону бир алып жүргөндөргө туура келген сан. Мечит, чиркөө, терапевт врачтын кабинети, нике кыйа турган молдокелер дагы 7 саны деген номерди көтөрсө иши жүрүшөт. 7 саны  мекемелерге туура келбейт, жалгыздап иштегендерге жана атактуу адамдарга дагы ушул номер дал келет. 7 саны керээли кечке чуулдаган жерде иштеп, тынчтыкты самаган адамга ылайык келет. Статистикалык маалыматтарга таянсак, телефону бар, бирок аны көп деле колдонбогон абоненттер  7 санын көп тандашат экен.   

 

8 саны бизнеске өтө ылайык келет, бул  бардык номерлердин эң “бышыгы” расмий иштерге, маанилүү адамдар менен иш жүргүзгөндөргө керектүү сан. Банкирлер, саясатчылар, жетекчилер, адвокаттар, эл аралык корпорациялар айтор каерде чоң акча айланса так ошол жерде расмий жана жеке номер боло турган сан бул 8. Жеке турмушта 8 саны үйгө киреше, байлык алып келет жана керектүү адамдар менен байланышты чыңдайт. Болгону телефон ээси өтө эле олуттуу болбой, жылмайып, тамашалап турганы оң.

 

 

9 саны нумерологиянын эң акыркы цифрасы кимдин  бактысына туш келсе ал чын жүрөктөн чыккан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көп маселелерди телефон аркылуу чеч алат. Андан жардам сурап кайрылгандар дагы көбөйөт. Бул чыныгы достук байланышын түзүүчү сан. ишкер чөйрөдө дарыгерлерге, тез жардам мекемелерине, волонтерлор тобуна, кайрымдуулук фонд, коомдук уюмдарга ылайыктуу. 9 саны атактуулук алып келет, атак даңк менен кошо акча дагы агылып келээри анык. Саякатчылар үчүн, чет өлкөлүктөр менен иш алышкандарга дагы жакшы номер.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.