Ремарктын терең жана көрөөгөч 32 цитатасы

Эрих Мария Ремаркэң көп окулган жыйырманчы кылымдын немец жазуучусу. Ал “жок болгон муундар” жазуучуларынын катарына кирет.

Жазуучу өз эмгектери тууралуу көп айта берген эмес жана анын китептери өзү жөнүндө айтып берүүсүн каалаган. Anan.kg анын жашоо жана жөнөкөй адам бактысы тууралуу китептеринен 35 терең жана көрөөгөч цитаталарды чогултту.

 

1. Бакыт тууралуу беш мүнөттөн ашык айта албайсың. Бул жерде, сенин бактылуу экениңен башка айта турган сөз деле жок. Ал эми бактысыздык тууралуу адамдар күнү-түнү айта берет.

2. Духуң түшүп турганда, мага, ооруканага кел. Рак оруулуулар бөлүмүн бир кыдырып чыксаң, алеки заматта бук болуу ооруң айыгат.

3. Колуңа тийбей жаткан нерсе, дайым колуңда бар нерседен жакшы көрүнөт. Ушундай нерселер адамдын романтикасы менен келесоолугунун негизин түзөт.

4. Эч качан чон кулач менен баштаган ишиңди майдалап жибербе.

5. Жашоодо дайым эси жок жеңип чыгат. Акылдууга бардык жерде тоскоолдуктар көрүнө берет, бир нерсени баштап жетишпей эле, өз ишенимин жоготот.

6. Кандай гана дүйнө болбосун, жүрөгүңдө болбосо, ал эч нерсеге татыбайт.

7. Бакыт – дүйнөдөгү эң аныкталбаган жана эң кымбат нерсе.

8. Адам канчалык өзүн сүйсө, ошончолук кымбат болот.

9. Бардык адамдардын сезүү сезими бирдей болот деп ойлогон жаңылыштык.

10. Адатта күнөөсүз адамдарды абийири тынч койбойт.

11. Эгер сен ыраазычылыкты сезе алсаң, ошондо гана ал жан дүйнөңдү жылытат.

12. Чындыкты угуза айтсаң, кандай гана жийиркеничтүү болуп калат.

13. Аял сүйүүдөн акыл топтойт, эркек болсо башын жоготот.

14. Адам баш иймейин, өз тагдырынан күчтүү болот.

15. Адам канчалык аң сезими тар болсо, өзүн ошончолук бийик коёт.

 

16. Бирөө өз акылын көрсөтүп жаткан убак катуу тажатат. Өзгөчө, эгер анын акылы жок болсо.

17. Бакыт эмне экенин бактысыз гана билет.

18. Эң женил мүнөз уятсызда, көтөрө алгыс мүнөз идеалистте болот. Сизге таң калыштуудай көрүнгөн жокпу?

19. Кызыгы, ар кандай балээ менен жамандыктын жаратуучулары, бою кыска адамдар болушат; алар, бою узун адамдарга караганда киши менен ыркы келишпеген жана энергиялуу мүнөздүү болушат.

20. Акчанын күчү менен бүтүрүлгөн иш, арзаныраак турат.

21. Менин оюмча, аял күйөөсүнө сүйөм деп айтпаш керек. Ал тууралуу анын бактылуу, жаркыраган көздөрү айтыш керек. Алар көп сөзгө караганда чечен болушат.

22. Аялды же аздектеш керек, же ташташ керек. Башкасынын баары – калп.

23. Эң чоң жек көрүү, жүрөгүнөн орун таап, анан жан дүйнөсүнө түкүрүп салган адамга пайда болот.

24. Эң күчтүү сезим – көңүл калуу. Таарыныч эмес, кызганыч эмес, жек көрүү дагы эмес... булардан кийин жан дүйнөңдө жок дегенде бир нерсе калат, көңүл калгандан кийин – боштук.

25. Адамды эч жерде эч нерсе күтпөйт. Дайым баарын өзүң ала келишиң керек.

26. Мен анын жанында туруп, угуп жаттым, күлүп жана ойлондум: аялды сүйүп жана кедей болуш кандай коркунучтуу.

27. Эгер биз жаман иштерди кылбай калсак – демек, биз карыдык.

28. Биринчи 70 жашты жашаш кыйын деп айтышат. Калганы болсо өз нугунда кетет.

29. Акча бакыт алып келбейт, бирок жакшы тынчтандыруучу болот.

30. Канчалык майда-чүйдө нерсени жол болду деп санасаң, сенин ошончолук көп жолуң болот.

31. Адам али тирүүбү – демек дагы алдыда.

32. Каткыруу ыйлаганга караганда пайдалуу. Өзгөчө тиги да, бул да пайдасы жок болсо.