Психологдор элден жашырган 4 психологиялык трюк
Психологдор өз байкоолору менен бөлүшө беришпейт. Адамдардын кайсы кыймыл-аракеттери жана өзгөчөлүктөрү алардын чыныгы каалоолорун көрсөтөөрүн билип, аны башкарууга аракет кылышат.
Бул макалада биз психологдор өздөрү адамдардан жашырган психологиялык "фишкаларды" айтып беребиз.
Биринчи же акыркы болуңуз
Адам башталышы менен аягын, биринчиси менен акыркысын жакшыраак эстейт. Мисалы, сюжети кызыксыз тасманын аягы жакшы бүтсө, тасма жогору бааланат.
Бул, мисалы, интервью учурунда иштейт. Жумуш берүүчү менен сүйлөшүүдө биринчилерден, же акыркылардан болуп өткөн жакшы. Сизди жакшыраак эстеп калат.
Үн катпоо
Унчукпоо маектешке ыңгайсыздыкты жаратат. Бул сурак учурунда активдүү колдонулат. Мисалы, шектүүгө суроо берилет, ал жооп берет, бирок “маектешинин” унчукпай отура бергенин байкайт. Шектүү интуитивдик түрдө өзүнүн жообун тактап, кайра-кайра сүйлөй берет.
Комплименттер
Мисалы, Америкада адамдар маекти комплимент менен башташат. Бир нерсе: сонун футболка, жакшы чач, бул түс сизге жарашат экен... ж.б. Ошентип, адам позитивге даярданып, маектешине көбүрөөк достук мамиледе болот, анткени ага жактым деп эсептей баштайт.
Айтыңызчы сураныч
Бейтааныш адамды же атүгүл такыр тааныбаган адамды багынтуу үчүн, андан сизге жардам беришин сураныңыз. Адамдар кимге жардам берсе, ошого симпатия кылат.