Пробкадай зээнсиз: IQ деңгээли эң төмөн жылдыздар

Интеллект жагынан өсүүсү токтоп калган голивуд жылдыздары – биздин жыйнакта:

 

 

Линдси Лохан

Эси жок жылдыздардын сап башында Линдси Лохан турат. Актриса эчактан бери эле киного тартылбай калган, ошондуктанбы, айтор болгон күчү менен публиканын көңүлүн өзүнө бурганга аракеттенип келет. Жылдыз башка жылдыздардын дарегине кемсинткен сөздөрдү айткандан тартынбайт жана эпотаждык кылык-жоруктары менен белгилүү.

Перис Хилтон

Жыйнактын экинчи орунунда Перис Хилтон. Жылдыз эчак эле, Forbes журналынын “Эң тажаткан жылдыздар” рейтингинин биринчи сабын ээлеген. Ошондой эле, Harvard Lampoon басылмасынын “Жылдын айымы” антисыйлыгынын жеңүүчүсү.

Бритни Спирс

Акылсыздардын бештигине Бритни Спирс дагы илинди. Балким, так ошол интелекттин төмөнкү коэфициентинин айынан, ал жеке жашоосундагы крисизке туруштук бере алган эмес. Ырчы, эң акылсыз жылдыздар тизмегинен тышкары, келесоодой кийинген жылдыздар хит парадында да эске алынган.

Ким Кардашьян

Светтик арстан Ким Кардашьян Биртниден алыска кетпептир. Кардашьяндын, бир нерсени “балп” этпей калган күнү болбойт: Инстаграмдагы жарым жылаңач сүрөтү, шектүү фотосессиялар, ошондой эле журналисттердин суроолоруна акылсыздыгын баса белгилеген жооптору.

Меган Фокс

Уятсыз, чыдагыс жана текебер - Меган Фокс менен иштешкен режиссерлер актрисага ушундай мүнөздөмөлөрдү беришет. Бул, актрисанын жалгыз минустары эмес – ал эң акылсыз жылдыздар рейтингинин сап башына биринчи жолу эле илинип жаткан жок, деп белгилейт New York Daily News.

Шайа ЛаБаф

Чыгармачылык кризис Шайа ЛаБафты сүйкүмдүү жигиттен келесоого айлантты. Актер башына пакет кийип алып голивуддун кызыл килеминде басып өткөн, адамдардын көзүнчө сүйлөшкөн кызын сабаган жана көрүнгөн менен уруша берген адаты бар. New York Daily News ЛаБафтын адекваттуу экенинен шек санап, аны “эң акылсыз жылдыздар” тизмегине киргизди.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.