Порнография атеист менен динге ишенген адамдардын жеке жашоосуна кандай таасир берет

Америкалык изилдөөчүлөр Эндрю Уайтхед жана Сэмюэл Перри, бир жарым миңге жакын адамдардын интимдик жашоосу тууралуу сурамжылоо өткөрүшкөн. Социологдор, проектин катышуучуларына, порнону канчалык көп көрүшөт, чиркөөгө барышабы жана сексуалдык жашоосуна канаатанабы деген суроолорго жооп берүүсүн суранышкан. Атеисттер менен динге ишенген адамдардын жооптору катуу айырмаланып турду деп жазат Lehmiller.

 

 

Көрсө, динге ишенбеген адамдарда, эркек болобу, аял болобу, порно көрүү жашоосуна анча деле маани бербейт экен. Динге ишенген адамдардыкы татаалыраак – алар деле чоңдор үчүн фильмдерди көрүшөт, бирок, ошол эле кезде күнөө кетирип жатканын сезишет. Бул болсо өз учурунда, динге ишенген адамдарды стресс кылып, алардын сексуалдык жашоосуна терс таасирин тийгизет.

Кызыгы, порнонун мындай тийгизген таасири динге ишенген бойдокторго да, мамиледе болгон адамдарга да бирдей экени маалым болду. Башкача айтканда, уят-сыйыт сезими, сурамжылоонун мындай катышуучуларына, интимдик жашоодон ыракат алууда тоскоол болот.

 

Айта кетүүчү нерсе, сурамжылоо христиан динин туткандар арасында болгон.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.