Полиция кызматкери 5 кемпир отурган машинаны токтотту. Таап көргүлө, эмне үчүн?

Интернетти бүгүн чукулап отуруп, бир окуяга туш болдук. Автору ким экени деле белгисиз. Биз билбейбиз, бул чындыкпы, же анегдотпу. Ошентсе да сиз бөлүшүүнү туура көрдүк, аягына чейин окуп чыгыңыз, чындап эле сиздин көңүлдү көтөрүшү мүмкүн!

Бардыгы, полиция кызматкери, салонунда 5 кемпир отурган машинаны токтоткондон башталат. Эмнеге токтотту деп ойлойсуз?.. Болгону автострадада аябай акырын баратканы үчүн.

 

Мен шоссенин чекесинде, катуу айдаган айдоочуларды токтотуу үчүн тургам. Мен – полиция кызматкеримин. Жолдо, саатына 22 миля (35 км/с) менен келаткан, кыбыраган машинаны көрүп, токтотууну чечтим. Оюмда: “Бул айдоочу, катуу айдагандар сыяктуу эле коркунучтуу, себеби, ылдымдыгы аябай жай болгондуктан, башка айдоочуларга тоскоол болуп, авариялык кырдаал жаратышы мүмкүн”. Ошентип машинаны токтоттум.

Жаныны басып келсем, ичинде бир нереседен катуу корккондой 5 кемпир отурган экен. Айдоочудан башкасынын баары көздөрүн чоң ачып, коркконунан кубарып да калышкан.

Айдоочу кемпир эменеге токтотконумду түшүнбөй, сурайт: “Офицер, мени эмнеге токтотконуңузду түшүнгөн жокмун, мен эч кандай эреже бузган жокмун го”.

“Эже, сиз эреже бузган жоксуз, бирок саатына 22 миля менен айдоо – коркунучтуу!”. Ал сыймык менен жооп берет: “Урматтуу, мен дайым жолдо канча менен жүрүшкө уруксаат болсо, ошончо менен жүрөм. Тигил жакта 22 деп турат, мына саатына 22 миля менен келатам!”.

Мен күлүп: “Эже, “22” – бул автостраданын номери, ылдамдыкты чектөөчү белги эмес!”.

Кемпир кичине уялып кетип, жашын шылтоо кылып, кечирим сурайт жана каталыгын көргөзгөнүм үчүн рахмат айтат.

“Бирок, силерди коё берээрден мурун, бир нерсе сурашым керек... Силерде баары жакшыбы? Жүргүнчүлөрүңүздүн, бир нерседен катуу корккондой түрү бар, биз сүйлөшүп турганча, бири да үн каткан жок” десем...

 
Жообу мени жарды да:

“Баары жакшы! 10-15 мүнөттөн кийин алар өзүнө келишет. Болгону биз жаңы эле 119-автострададан бурулдук”.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.