Подъездден коляскачан аялды жана аны айланып аттап буттап өтүп бараткан кошунаны көрдүм

Көп кабаттуу үйдө жашаймын. Эшике чыкып тепкичтердин биринен экинчисине көтөрүлүп бурулгандагы бош орунда аял коляскасы менен чыгып бара жатканын жана аны айланып аттап буттап өтүп бара жаткан кошунаны көрдүм.

 

 

Аял: "чоң жигит!"- деп чакырып калды. Жигит бурулуп туруп жардам бергенге милдеттүү эмес экенин, бала өзүнүн көйгөйү, күйөсү жардам бериш керек экенин жана башка толтура сөздөрдү айтып туруп кетип калды.

Мен жетип барып жардам берейин десем, баш тартып койду да, колясканы оңой эле түшүрүп алды.

- "Негизи мен тиги жаш жигиттин капчыгы түшүп калганын айтайын дегем... эми түшкөн жеринде жата берсин" - деп жолун улантты.

Макул болбой кое алган жокмун.

Facebook барагыбызга жазылыңыз