Пластиктин эркектин жыныстык мүчөсүнө тийгизген терс таасири тууралуу окумуштуулар айтып чыгышты

Фталаттар, парабендер, бисфенол – пластиктин курамына кирген химиялык заттар эркектин жыныс мүчөсүнүнө таасир бериши мүмкүн. Австралиянын Мельбурн университетинин окумуштуулары, акыркы убакта пластикти колдонуунун айынан гениталийинде деффект бар эркек балдардын төрөлүшү көбөйгөнүн айтып чыгышты. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

 

 

Доктор Эндрю Паск жана Доктор Марк Грин эркектердин жыныс жана заара чыгаруу системасындагы кемчиликти – гипосадияны изилдешип, мындай деффектке пластиктин түздөн-түз таасири бар экенин аныкташты.

2014-жылы Швециянын Карлстад университетинде да ушундай изилдөө өткөрүлүп, фталаттар эркектерге терс таасирин берээри далилденген. Ушул сыяктуу изилдөөлөр Италияда (2010-ж) жана Фрацияда да (2015-ж) өткөрүлгөн.

Тиш пастасында жана косметикалык продукттарда, тамак сактоочу контейнерлерде жана башка күнүмдүк колдолгон нерселерде колдонулуучу бисфенол, фталат, парабен сыяктуу химиялык заттар гениталдык деффекттин келип чыгуу коркунучун чоңойтот.

Бисфенол тамак салынуучу контейнерден бөлүнүп чыгат жана балдардын ден соолугуна коркунуч туудурат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, бөтөлкөдөгү суулардын 90%ынан пластиктин микродозасы табылган соң, текшерүүлөрдү өткөрүп баштаган.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.