Пиязды буттун алдына салып жүрсө эмне болот?

Илгертен бери биздин ата-бабаларыбыз өсүмдүктөрдү тамак-аш катары гана эмес дарылоочу каражат катары да колдонуп келишкен. Кадимки пияздын касиеттерин билип алыңыз.

 

 

 

Пияздын ширеси жөтөлгө каршы эң мыкты каражат. Жөтөлүп баштаганда пиязды жанчып ширесин күндө эки маал ичип койсоңуз жөтөл жоголот. Андан тышкары тамак ооруп, кулак кытышып баштаганда пияздын бир бөлүкчөсүн кесип алып кулакка салып койсо да жардам берет.

Ал эми пиязды тегерек кылып жука кесип алып байпактын алдына салып койсо дене табын түшүрөт экен. Бул ыкма өзгөчө кичинекей балдарга таасирдүү болот. Дары ичпестен мына ушундай жол менен температураны дароо түшүрсө болот!

Андан тышкары пиязды канды токтотуу үчүн да колдонушат экен. Бир жериңизди кесип алсаңыз аны таңып жатканда алдына пиязды жука кесип алып коюп кетсеңиз, кан токтоп, жарааттын бат айыгышына жардам берет.

Эгерде аары чагып алган учурда да пиязды бассаңыз ал ууну алып чыгып, шишикти таратып жиберет. Пияз мына ушундай касиеттерге ээ экен.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.