Периштелер чечишти – Периштелер кылышты: Бакыт жөнүндө эң даанышман икая

Кайсы бир күндөрү периштелер чогулуп, көңүл ачууну чечишкен имиш.

 

 

Бири айтат:

— Келгиле адамдардын бир нерсенин тартып алабыз?

Көп убакыт ойлонушкандан кийин, адамдардан бактысын тартып алууну чечишет. Бирок каякка катыш керек?

— Келгиле, эң бийик тоонун чокусуна каталы.

— Жок, болбойт, биз адамдарды күчтүү кылдык, тоонун башына чыгып барып, таап алчу бирөө табылат. Башкалар дагы, бакыт каякта катылып жатканын билип алышат, — деди бири.

— Анда деңиздин түбүнө каталы!

— Ал да болбойт, адамдар ынтызар болоорун унутпайлы. Кимдир бирөө суу астында сүзгөн кеме куруп, таап алышы мүмкүн...

— Анда Жерден алыс башка планетага каталы, — деди дагы бири.

— Жок, биз адамдарга жетишерлик акыл бердик, качандыр бир кездерде ааламды кыдырып учаканга да жетишишет, ал планетаны дагы ачышат, анан баары бактылуу болуп алышат.

 

Бул сөздөрдүн баарын угуп, бирок унчукпай отурган эң кары периште үн салды:

— Мен бакытты каякка катышты билем.

— Каяка?

— Алардын өздөрүнүн ичине катабыз, алар сырттан издөө менен алек болушкандыктан, өзүнүн ичинен издөө оюна да келбейт.

Периштелер макулдашышты, ошондон бери адамдар, бакыт өздөрүнүн ичинде катылып жатканын билбей, өмүрүнүн бардыгын, аны башка жерлерден издөөгө коротушат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.