Паспорт столу: дүйнөдөгү эң кызыктуу 10 паспорт

Премьер министр Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда, кыргызстандыктарга ушул жылдын 1-майынан тарта жаңы биометрикалык паспорттор бериле баштарын маалымдады. Өз учурунда, Атамбаев, бул өлкө үчүн маанилүү экенин, сан-арип коом түзүүдө башкы ролду ойноорун айтып кетти.

Биз бүгүн кыргыздардын паспорт менен байланышкан тарыхына көз жүгүртсөк.

1932-жылдын 27-декабрынан тартып СССРде бирдиктүү паспорт системасы киргизилип, паспорт-визалык кызмат иштеп баштаган. 1933-жылдын 1-октябрынан баштап, кыргыз элин дагы паспорттоштуруу ишке кирген.

Ал эми көз карандысыздыкты алгандан бери кыргыз паспорту бир нече жолу өзгөрдү. 1994-жылдан баштап атактуу “көк паспорт” бериле баштаган. 2015-жылдын акырынан “көк паспорт” менен чет мамлекетке чыгууга тыйуу салынат деген жүйөө менен 2000-жылдан баштап ID-карта берилип баштады. Бирок ID-карта элге көптөгөн ыңгайсыздыкты алып келди. Башкача айтканда, жашаган жерин которгондо, же социалдык абалы өзгөргөндө паспортту аламаштыруу талап кылынат.

Жогоруда айтылгандай, ушул жылдын 1-майынан тартып жаңы, биометрикалык паспорттор калкка бекер алмаштырылаары белгилүү болду. Эми бул паспорттун тагдыры кандай болоорун убакыт көрсөтөөр.

Биз бүгүн дүйнөдөгү өзгөчө паспортторго көз салып көрөлү.

Эң кооз паспорт. Австралия

Австралиянын жаранынын паспорту эң кооз болуп эсептелет. Сырты кенгуру жана эму төө кушунун сүрөтү менен кооздолсо, ички барактары чоң мамлекеттин олуттуу документине окшобой, жаш балдардын боёк менен боёчу китебине окшоп турат

Инновациялуу паспорт. Грузия

Грузия болсо кагаз паспортту пластикке алмаштырып, өнүккөн мамлекеттер менен бир жолго түшүүнү туура көрду. Бул жөн эле ID-карта эмес, башка дагы документтерди бириктирген, көп фунциялуу документ. Анын жардамы менен жол жүрүүгө, коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө, мамлекеттик жана жеке мекемелерге кирүүгө болот жана студенттик билет, камсыздоо полиси да болуп берет деп ишендирүшүүдө.

Жаран эместин паспорту. Латвия, Эстония

Латвия менен Эстонияда, бул мамлекеттин жараны эместерге атайын паспорт бар. Ал СССР убагында бул өлкөлөргө жашаганы көчүп келген адамдарга берилет. Алар 1940-1991- жылдар аралыгын оккупация деп эсептешет, ал эми ошол кезде мигрант болгондордун жарандыгы болуш керек. Бул паспорт ал өлкөлөрдө жашаганга, иштегенге (мамструктурадан башка)  жана Европа союзунун башка мамлекеттеринин аймагында кенен жүрүүгө укук бергени менен, шайлоолорго катыштырбайт. Бул паспорттун колдонуучулары мамлекеттик тил менен тарыхтан экзамен берип, толук укуктуу жаран болгонго акысы бар. Бирок ар кандай себептерден улам көбү макул эмес.

Аалам жаранынын паспорту

Бул документ 1954-жылдан тартып World Service Authority уюму тарабынан берилет. Аны эч бир мамлекетте жарандыгы жок адамдар ала алышат. Мисалы, 2013-жылы мындай паспортту Эдвард Сноуден алган. Бул документти расмий түрдө 6 гана мамлекет тааныйт. Бирок толук текшербей, же жаңылыштык менен 180ге жакын жолу, бул паспорттун ээлери чек арадан өтүшкөн.

СССРдин жаранынын паспорту

Союз тараганына 26 жыл болсо дагы, миңдеген адамдар ушул паспорт менен дагы эле жашап келишет. Мурунку союздук мамлекеттерде бул паспортту алмаштырууга көптөгөн аракеттер болуп атат, бирок кээ бир адамдар сүйүктүү “кызыл китепчесинен” айрылгысы келбейт.

Таанылбаган мамлекеттин таанылган паспорту. Түндүк Кипр Түрк Республикасы

Түндүк Кипр Түрк Республикасы 1974-жылдагы төңкөрүштөн кийин бөлүнүп чыккан. Азыркы убакта аны бир гана мамлекет тааныган – ал, ошол аралды оккупация кылган Түркия. Ошентсе да ТКТРдин паспортун көптөгөн мамлекеттер тааныйт, алар – Сирия, Франция, Пакистан жана Австралия ж.б..

Интернет мамлекетинин паспорту. Виртландия

Виртландия (Wirtland) – бул толук укуктуу жаңы мамлекеттин бардык атрибутикасын камтыган миңдеген тургуну бар Интернет-проект. Башкак мамлекеттерден айырмасы,  территорияга муктаждыгы жок, Дүйнөлүк тармактын ичинде гана жашай ала турган мамлекет. Түзүүчүлөрдүн башкы максаты – онлайн-дүйнөдөгү адамдардын өз тагдырын өзү аныктоо укугу. Чындыгында, онлайн акча, онлайн-дүкөн, онлайн-дарек, онлайн-кылмыш ж.б. бар эмеспи, эмнеге онлайн-өлкө болбош керек? Кыскасы, ар бир каалоочу Виртландиянын паспортунун ээси болууга укугу бар.

Болочок мамлекеттин паспорту. Каталония

Каталония автономдук уюм чындап эле Испаниянын составынан бөлүнүүнү чечип жатат. Бөлүнүү боюнча референдум 2017-жылдын сентябрына белгилеп жатса да, паспортту алууга арыз таштаса болот. Негизи бул паспорттун эч кандай юридикалык күчү жок. Бирок кийинчерээк толук колго тийип калышы мүмкүн.

Эң күчтүү паспорт. Улуу Британия, АКШ, Финляндия, Швеция

Бул өлкөнүн паспортунун ээлери – чыныгы бактылуу саякатчылар. Алар 173 мамлекетке визасыз барууга укугу бар. Салыштырсак, россияныкы – 95, Украина – 77, Кыргызстан болсо – 58. Бул жагынан таза аутсайдер болуп Афганистан эсептелет. Аларды эң кедей, өнүкпөгөн 28 өлкө гана күтүп турат.

Чыныгы искусство чыгармачылыгы. Ладония

Ладония – бул Швециянын улуттук паркынын ичинде жайгашкан, таанылбаган мамлекет. Бир убакта мунун ойлоп табуучулары, бул өлкөнүн басмада басылган паспортторун активдүү сатып башташкан. Ушунда улам таң каларлык окуя болгон. Стокгольмдун аэропортуна көптөгөн африкалык качкындар Ладониянын паспорттору менен келишип, «өз мекенине» киргизүүнү талап кылышкан. Ошондон кийин бул паспорттор Ладония өлкөсүнө киргизген өзгөчө эмгектери үчүн гана берилип баштаган. Ал эми сырткы бети Ладониянын жаранынын колу менен тартылып, чыныгы искусство чыгармачыгы болуп эсептелет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.