Өзүңдүн даражаңды кантип жогорулатуунун 6 жолу

 

 

 

 

1. Эң биринчиден айланаңдагылардын пикирин укканды токтотушуң керек. Анын ордуна өзүңдүн ички туюмуңду укканды үйрөн. Көптөгөн таланттуу жана алдыга умтулган адамдар бир нерсе баштаарда, айланасындагылардын кубаттоосун алмайынча бир чечимге келе алышчу эмес. Жыйынтыгында алар ишке ашпаган кыялдарына капаланып, тобокелге барып бир иштин баштоочусу болбогонуна өзүлөрүн жемелеген. Элден өзгөчөлөгөндөн коркпоңуз, көптөгөн күчтүү адамдар өзүлөрүнүн тайманбастыгы менен ийгиликти багындырышкан. Сын пикирди жүрөгүңүзгө жакын кабыл албаңыз.

2. Башыңыздан өткөн ийгиликсиз кадамдарга көп маани бербеңиз. Бир нерсени кыла албай калган жалгыз сиз эле эмес экениниңизди унутпаңыз. Кимдир бирөө капаланып башын шылкыйтат, а кимдир бирөө багынбастан баштаган ишинин өтөөсүнө чыгат, болгон айырма ушунда. Ар дайым баштаган ишиңиздин аягына чыкканга аракет кылыңыз.

3. Колуңуздан келбеген ишке тырмышпаңыз. Арабыздан көпчүлүгү кылданганды, пландаганды, фантазиялаштырганды жакшы көргөндүктөн, көбүнесе чектен ашып кетишет. Мына ошентип ишке ашпаган максаттар келип чыгат. Иш жүзүнө аша турган тапшырманы максат кылыңыз, өз күчүңүзгө, абалыңызга жараша иш кылыңыз.

4. Күзгүнүн алдында машыгыңыз. Кебетеңиз өзүңүзгө жакпаса да, өзүңүздүн кейпиңизди көргүңүз келбесе да, өзүңүздөгү жакшы нерсени байкаганды үйрөнүңүз жана ошол нерсеге басым жасаңыз. Үзгүлтүксүз күзгүнүн алдына келип өзүңүзгө жылуу сөздөрдү айтыңыз: "Мен ийгиликтүүмүн", "Менин колуңдан баары келет" деген сыяктуу сөздөрдү. Өзүн өзү ишендирүү, кыска убакыт ичинде жакшы жыйынтыкка алып келээри далилденген.

5. Жакшы маанай тартуулаган көз ирмемдерди жазганыңызга күндөлүк ачып алыңыз. Жолдон өтө албай жаткан чоң энеге, өткөнгө жардам бердиңиз. Бул кылганыңызды сөзсүз түрдө күндөлүгүңүзгө бекитиңиз. Жашооңуздагы кубаныч тартуулаган көз ирмемдерди жазыңыз, кичине эрдик кылсаңыз да. Эгерде өзүңүзгө өзүңүз ишенбөөчүлүк пайда болсо ошол күндөлүктү ачып окуңуз, карасаңыз, сиз канчалаган жакшы иштерди жасагансыз.

6. Өзүңүздү салыштырганды токтотуңуз. "Мына, тиги жумушунда ийгиликке жетип 2 машиналуу болду, а менде бир да машина жок!" - эгерде мына ушундай ойлор келсе өзүңүздү бирөө менен салыштырганды токтотконго үйрөнүңүз. Ар бир адам өзгөчөлүү, бирөөгө көз арткан бул акылсыздык. Тигиге да сизге жа күн нуру бирдей жарыгын чачат, демек сиз дагы ийгиликке жете аласыз. Жөн гана өзүңүзгө жана өзүңүздүн алдыга койгон максаттарыңызга басым жасаңыз.

Өзүн өтө эле жогору сезген учурда, жана кылгандарын маанилүү деп эсептеген көпчүлүк убакта же болбосо мансап тепкичине тез көтөрүлгөндө адам өзүн өзү укмуш сезип кетпей, мүмкүнчүлүктөрүн  да эске ала жүрсө, эгер сиз "жылдыз" оорусу менен оорусаңыз, элдер сиз менен баарлашуудан эч кандай кубаныч алышпайт, тетирисинче сизди айланып өткөнгө аракет кылышат.

Баары биздин колубузда жана өзүбүздү баалообуз өзүбүзгө гана тиешелүү. Ошону эстей жүрүңүз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.