Өзүңдү дайыма чарчаңкы сезесиңби? Анын 14 себеби бар

Уйкунун жетишсиздиги бул жалгыз гана сенин энергияңды албайт.  Сен күнүгө жасаган, жасалбай калган майда барат нерселер да сени физикалык жактан гана эмес, ошондой эле моралдык жактан да чарчатышы мүмкүн. Бул макалада сен эксперттер аныктаган жаман адаттар жөнүндө маалымат ала аласың. Ошол адаттардан арылып, чарчаңкы сездирбөөнүн кеңеши жазылган.

 

 

1. Сен машыгууга катышпайсың

Сен машыгууга катышпай өзүмдүн энергиямды сактайм деп жаңылып, андан беш бетер өзүңүзгө зыян келтиресиң. Джорджия университетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, дени карды соо, бирок аз кыймылдагы адамдар 20 минутадан 6 жума спорт менен машыккандан кийин өздөрүн мурдагыдан да энергиялуу сезип калганын байкашкан.

Жада калса эң жөнөкөй көнүгүүлөр күч кубатты бекемдеп, жүрөк-кан тамыр системасын жөнгө салып, организмди кычкылтек менен камсыз кылат. Ошондуктан жумшак эмеректин үстүнө жатуунун ордуна, өзүңө кыймыл, сейилдөөнүү уюштурсаң өкүнбөйсүң.

2. Сууну аз көлөмдө ичесиң

Диетолог Эми Гудсондун айтуусу боюнча организмге суунун 2% гана азайышы энергиянын начарлашына алып келет. Суунун аз көлөмдө ичилүүсү канды да коюлтат. Ошондуктан, кан айлануу системасы бузулуп адамга керектүү кычкылтек аз көлөмдө бөлүнүп, ички организмге зыянын алып келет. Организмге канча суюктук керек экенин өзүндүн салмагынды, фунт менен, 2 ге бөл. Ошол чыккан өлчөмдө унций менен күнүнө ичүү зарыл. (1кг = 2,2 фунт, 1 унций =0,03 литрге барабар).

3. Сенин организмиңе темир жетишпейт

Темирдин жетишсиздиги, чарчаңкы, жинденгендик, өзүн өзү начар сезүүгө алып келет. Гудсон айткандай Темирдин жетишсиздигинен өзүңөн өзүң чарчанкы сезип, организмиңде кычкылтек жетишпейт. Темирдин жетишисизди аз кандуулук пайда кылат. Андыктан: уй этин, фасоль, жумуртка (сарысы менен) кочкул жашыл жашылча, жангак жана да С витаминине бай тамак аш жегенге аракеттен.

Көнүл бургула: Темирдин жетишсиздигинен ден соолукка да залакасы да тиет. Эгерде сен аз кандуулуктун белгилерин байкасаң сөзсүз түрдө дарыгерге кайрыл. 

4. Сен ПЕРФЕКЦИОНИСТ

"Идеалдуулукка умтулуу бизди зарылчылыктан да көп жана узакка иштөөнү талап кылат". Нью-Йорк Университетинин профессору Ирен С. Левин айткандай: "Биз адамзаты өзүбүзгө ушунчалык аткарылбас максаттарды коебуз да, акырында ага жетүү үчүн болгон кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды башыбыздан өткөрөбүз, бирок каалаган жыйынтыкка жетпей калабыз".

Левинлин сунушу боюнча, алдыга бир чектөөлөрдү коюп, ошолорду аткаруу керек. Качандыр бир убакта ошол жумушка кеткен убакыттардын текке кеткенин, эч кандай көнүлгө жаккан жыйынтыкка алып келбегенин сезесиз.

5. Сен ар убакта бөйрөктөн шыйрак чыгарасың

Эгерде сени мүдүрүң күтүлбөгөн жерден чогулушка чакырса, сөзсүз түрдө сени жумуштан кетирет деп ойлойсуң, же велосипед тепсем авария болом деп коркуп жана ошондой сыяктуу ар дайым эле баш аламан болуп, турмуштан жалаң гана начар нерселерди күтөсүң.

Сен өзүңдү, ушул сыяктуу ойлор келсе, терең дем алып, анда ошол ойлогон нерселер аткарылып калышынан сак бол. Көчөгө чык да, өзүңдүн коркунучуң менен досуң менен бөлүш да, жашоого башкача көз караш менен кара.

6. Эртен мененки тамактанбоо

Сен жеп жаткан тамак, адамга күч кубат берип, кечки тамактануу түнкү уйку маалда организмге сиңип, энергия берет. Ошондуктан эртең менен ойгонгондо организмди тамак менен сөзсүз камсыз кылуу керек. Эртен мененки тамактанбоонун кесепетинен өзүңдү начар сезесиң. Ошондуктан эртен мененки тамактын рационуна витаминдүү минералдарга бай тамак ашты кош.

7. Сен тез татымдар менен тамактанасың

Таттуу, канты көп  жана жөнөкөй кычкыл тамактар  (мисалы бат жана тез жасалган каллориясы көп даяр тамактар) булардын кошумунда кант көп болот да организмдеги канттын жогорулашына алып келет. Мындай кескин өзгөрүүсү организмди чарчаңкы кылат.

Канттын бир калыпта болуусун көзөмөлдөп, кошумунда канты аз болгон азык түлүктү пайдаланууну Гудсон сунуштайт. Булар айрыкча куурулган эмес, бууга ысыкка бышкан тоок, күрөң кызгылт күрүч, тооктон жасалган салат ж.б.

8. Сен "жок" деген сөздү айта албайсың

Биз кимдир бирөөнө жардам беребиз деп, өзүбүздүн убактыбызды коротуп, энергияны сарптайбыз. Анысы аз келгенсип, көпчүлүк учурда өзүбүздү жаман сезебиз да, жинденебиз. Сенин мүдүрүң ишемби күндөрү иштейсиң деп суранса да макул деп жооп бергенге милдеттүү эмессиң.

Клиникалык психолог Сюзан Альберс, сен ар дайым "жок" деген сөздү үнүңдү чыгарып айт деп сунуштайт.

Өзүң менен өзүң ушул сөздү бир нече жолу кайталап көр. Кийинки учурда анан сага ошол сөз тааныш учурап, жок деп жооп бергенге көнөсүң.

9. Сенин бөлмөңдө ар дайым баш аламандык

Принстон университетинин изилдөөсү боюнча, иштеген столдун үстүндө көптөгөн чачылган нерселер сенин иштөөңө, мээңдин ойлонуусуна залакасы тиет. Ар дайым жумуштан кийин бир аз убакытыңды бөлүп, столдун үстүн ирээтке келтирип, анан жаңы күндө таза, ирээтүү стол менен баштасаң ошол күнүң жакшы маанайда өтөт деп кеңеш берет Ломбардо.

Эгерде сенин кабинетиңде тазалоо талап кылынса баарын бир паста эмес четинен кылганың туура. Адегенде стол үстүн, анан көзгө көрүнгөн жерди, андан кийин шкафтардын ичин.

10. Өргүү учурунда иштейсиң

Ломбардо: "эгерде өргүүдө көл жээкте жүрүп почтаңды текшерсең, анда эмоционалдык чарчоого жетесиң" - деп эсептейт. Баардыгын өчүрүп толук эс алганда гана денең жана мээң жаңы күч топтоп, кийин жакшы иштерди аткарып, жакшы маанайды алып келет.

Эгер маал маалы менен эс алып турсаң жакшы ийгиликтерге жетишесиң.

11. Жатаар алдында спирт ичимдигин ичесиң

Жатаар алдында бир бокал вино ичип, жакшы жатып эс алам деп ойлойсуң, бирок өзүнүн туура эмес залакасын тийгизет. Нью-Йорктогу неврология медициналык борбордун мүдүрү Аллен Тоуфиг: жатаар алдында спирт ичимдигин ичүү бул уйкунун бузулушуна алып келет деген.

Спирт ичимдигин ичкенде организмдеги адреналин жогорулап, начарлашына алып келет. Ошондуктан ичкенде уйку толугу менен канбай, түн ортосунда ойгоносуң. Доктор Тоуфиг уктаар алдында 3-4 саатка чейин спирт ичимдигин ичпөөнү сунуштайт.

12. Сен жатаар алдында электрондук дарегиңди текшересиң

Планшеттин, телефондун, компьютердин өчүп күйгөн жарыгы уйку жана сергектик гормону мелатонинди иштеп чыгуучу табигый циркаддуу ритмди бузат- дейт Тоуфиг.

Адамдын баарында өчүп күйгөнгө сезимталдык бар, ошондуктан электрондук приборлорго жатаар алдында бир саатка чейин жолобогон туура.

Такыр эле телефонсуз тура албасаң жок дегенде экранын 35 сантиметр алыс карма.

13. Сен кофейинге кечке чейин чыдаганга ашыкча ишенесиң

Күндү кофеинден баштагандын эч кандай коркунучу жок. Изилдөө көргөзгөндөй кофе пайдалуу болугу мүмкүн (эгер күнүнө үч кружкадан ашпаса).

Доктор Тоуфигдин сөзүнө таянсак, кофеинди көп колдонуу дененин ритмине таасирин берет. Уйкуну качырып, аденозин жоготот. Кофеин жатаардан алты саат эрте ичкен күндө да уйкуну бузат. Ошондуктан күндүн экинчи жарымында кофе ичпей эле койгон туура

14. Дем алыш күнү өтө кеч жатасың

Эгер ишемби күнү түн жарымында жатсаң, жекшемби түшкө чейин уктайсың да, кечинде укташың оор болот. Дүйшөмбү күнү чарчаңкы уйкусурап жүрөсүң. Ар дайым үйдө отура берген да коомдук жашооңо терс таасирин тийгизет. Сейилде, бирок эртең менен күндөгүдөй тур, анан түштө бир уктап ал.

20 эле мүнөттүк кыска уйку жетиштүү болот. Андан ашык убакытта дене катту уйкуга кетет, ойгонгондон кийин андан да катуу чарчаңкы сезесиң.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.