Коомдо никеге чоң маани берилет. Күйөө албаган аял өзүн бактысыз сезет.
Эгерде турмушка чыксаң жакшы, эгер чыкпасаң, төмөнкүлөр сенде болсо - анда коркунучтуу деле эмес:
Достордун саны эмес сапаты маанилүү. Ар бир көз карандысыз болгон адамга да ар кандай убакытта жана кырдаалда ишене турган бир-эки дос керек. Эгерде мындай адамдарыңар болсо үй-бүлөлүк абал маанилүү эмес.
Азап чегүүгө убакытты короткудай, өмүр узун эмес. Акча-маанилүү, бирок жумушуңду жаман көрүп турсаң күйөөң болгон күндө да бактылуу болбойсуң. Сүйүнүп барган жумушуң болуш керек. Бул жашооңду татыктуу кылат.
Жаныңда бирөө болсо көп нерсе жеңил болот, бирок, баары өзүңдүн колуңдан келээрин билгенден башка эч нерсе шыктандырбайт. Өзүн өзү камсыздоо убакыт өтүшү менен келет, качан келгенде башка адамга көз каранды болбой каласың. Мамиле болобу, болбойбу айырмасы жок, өзүн өзү камсыздоо өмүрдүн аягына чейин болот.
Эмне кааласаң ошол үчүн өзүң төлөй ала турганыңды билүү өзгөчө канаатандырган сезим. Бул өтө маанилүү фактор.
Жумушуңду жакшы көргөн күндө да, башка кылган нерсең канааттануу тартуулаш керек. Баарынан эс алып туруш керек, бул үчүн ар кимдин өзүнүн ыкмасы бар - спорт менен машыгуу, кол эмгек, саякаттоо. Каалаган нерсеңди кылуу, кээде, күйөөгө тийгенден да маанилүү.
Эмнеге татыктуу экениңди билсең, андан азга макул болбойсуң. Өзүңдү канча баалашың керек, түшүнүш үчүн көп аракет жана убакыт керектелет. Муну түшүнбөсөң, бир күнү туура эмес нерселерге же адамдарга убактыңды жана аракетиңди кетирип жүргөнүңдү түшүнөсүң. Кадыр барк сезими, жашоодо жана сүйүүдө эмнеге татыктуу болсоң, ошону ала турганыңдын кепилдиги.
Сени мыкты болгонго мажбурлачу нерсе. Бул жумуш, спорт, социалдык жашоо, инсандык өсүү болушу мүмкүн. Түрткү табуу оор, бирок бир жерде турбаш үчүн табыш керек.
Өзүңдү караш үчүн фитнес "гурусу" болуунун, же көк кофеде отуруунун кереги жок. Сенин бир эле денең бар, ал мыкты иштеш үчүн жашоо образыңды жакшы түзүшүң керек. Ден соолукта бол.
Кээ бир адамдар мамиледе болушу керек, кээси өмүр бою жалгыз деле жашай берет. Мамиледе болгон жакшы экенин моюнга алган менен, эмоционалдык абалың бирөөнүн жаныңда болушунан көз каранды экени эки башка нерсе. Бактылуу болуунун башка көп булактарын тапсаң, күйөөгө тийүү жагымдуу бонус болот.
Жашоодо сүйүү жетпеген үчүн турмушка чыгуу бул айласыздык. Чыныгы сүйүү биринчи өзүңдөн башталыш керек.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.