Өзүң сынап көрмөйүнчө обу жок көрүнгөн 13 кеңеш

Жакында эле сайттардын биринде кимдир бирөө бир кызыктай, бирок адаттагы жашоону түп тамырынан өзгөрткөн укмуш пайдалуу кеңештер менен бөлүшүүнү сунуштаган. Мынчалык болуп кетет деп эч ким ойлогон эмес: туздалган арбуз, нымдалган пицца, ийгиликсиз күндө жаңы байпак дагы ондогон кызыктар. Биринчи укканда келесоодой болгон кеңештерди колдонуп көргөндөн коркпоңуз.

 

 

13. Пиццага суу чачып койсо даамдуураак болот

Пицца ширелүү болуш үчүн микроволнокада же электр мешинде жылытаардын алдында үстүнө сууланган кагаз майлыкты жабыңыз же пульверизатор менен суу чачып коюңуз, өзгөчө четтерине.

12. Эс алганда мышыктын техникасын колдонуңуз

Жумуш күнүнүн ортосунда эс алып энергия топтоп алгыңыз келеби? Мышыктарга окшоп күнгө кактаныңыз. Мүмкүнчүлүк болсо, төшөк, жаздык алып полдун күн тийген жерине жатып, уктап алыңыз.

Эгерде эшикте уктай турган болсоңуз, күн өтүп кетпеш үчүн 15-20 мүнөт жетиштүү.

11. Туздалган жер жаңгакты кока-колага салыңыз

Жаңгак жагымдуу кошумча даамга ээ болуп жумшарып да калат. Алыска жолго жүргөндө рулдагылар көп колдонот. Кока-коланын ичине жер жаңгак салып бир кол менен кармап тамактанып алганга болот.

10. Жумушта иш жүрбөй жатабы? Жумуш ордуңуздан эле жаңы байпак кийип алыңыз

Жаңы байпак кийгендеги сезимдерди сөз менен түшүндүргүс. Алдыда узак жол баса турган болсоңуз дагы кайрат-күч толот. Бул ыкма аялдар үчүн өтө керек. Күнү менен кечке жумушта жүрүп, кечинде жолугушууңуз бар болсо, колготкиңизди алмаштырып алыңыз. Жеңил сезим камсыздалат.

9. Керектүү сөздү унутуп калсаңыз үнүңүздү чыгарып алфавитти кайталаңыз

90% учурда керектүү тамгага жеткенде эстей албай жаткан сөздү же атты эстейсиз.

8. Бир нерсе кылгандан жалкоолонуп турасызбы, кофе ичпей душка түшүңүз.

Маанайыңыз түшүп же жалкоолонуп отурсаңыз интернетте отура бербей, же кофеге ишенип болбойт. Өзүңүзгө келгендин эң бат ыкмасы душка түшүп чыгыңыз. Күч толуп, маанайыңыз көтөрүлгөнүн байкайсыз. Ошондуктан психологдор стрессти "жууп салууну", врачтар уйку качып турганда сууга түшүүнү сунуштайт.

7. Суук тийип калганда коланы кайнатып имбирь кошуп ичиңиз

Бул каражат кытайда кеңири тараган. Суусундук ысык кезинде ичүү керек. Кааласаңыз эки тилим лимон кошуп койсоңуз болот. Бул аралашма тамак оорусун басат, мурунду тазалайт, денени ичинен жылытат.

6. Жагымдуу жана эс алуу сезимин алыш үчүн моюн укалоочу каражатты кулагыңызга коюңуз

Башкы шарты укалагыч үнсүз болуш керек. Бул күтүүсүз лайфхак көпчүлүккө жаккан.

5. Соя соусуна ваниль балмуздагын тамызып койсо карамель даамданып калат

Түшүндүрүп болбойт, жагып калса кийинки жолу бальзам уксусун кошуп көрүңүз.

4. Колуңуз чеснок жыттанып калса, туз же дат баспас болот (нержавейка) сүйкөп коюңуз

Жөнөкөй лайфхак ыңгайсыз абалдан куткарат. Кээ бирөө сода сүртсо да жагымсыз жыт жоголоорун айтат.

Чеснок жегенден кийин болот буюм 30 секунд оозуңузда тиштеп турсаңыз болот.

3. Бургер даамдуу болуш үчүн маршмеллоуну котлеттин үстүнө ээритип жер жаңгак майын сүйкөп койсо болот

Акыркы күндөрү мындай бургерлер популярдуу болуп бардык жерде жасалып баштады.

2. Туз кошулган жемиш таттуу, ал эми кофе ачуулугун жоготот

Адамдар тамак ашта колдонгон жалгыз минерал. Дарбыз, коон, алма, алмурут, баардык цитрус жемиштерин, ысык шоколадды дагы бир аз туздап койсо даамына чыгып таттуу болот.

1. Картошка фриге уксус жана туз кошкула дарбызга майлуу сыр сүйкөп койгула

Тамак аш менен эксперимент кылгандан коркпогула. Кээ бирөө томат менен банан жегенди жакшы көрөт, кээси макарон менен коюлтулган сүт жейт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.