Отурган позаңызды карап мүнөзүңүздү айтып берелиби?

Адамдарда, адамдын инсандыгында, бардыгы байланышкан. Жаңсоолор, мимика, дене-бой кыймылдары - мунун баары биз жөнүндө эле эмес, биз менен мамилеси бар адам жөнүндө да көп нерсени айтып коёт. Жаңы нерсени билүүгө даярсызбы?

Эрежелери өтө жөнөкөй:

 

 

Отурганда кайсы абал сиз үчүн ыңгайлуу экенин эстесеңиз. Төмөндөгү 5 сүрөттүн ичинен ылайыктуусун тандап, жоопту окуп алыңыз!

A. Сиз өтө жөнөкөй адамсыз. Кыйынчылыктардан качып, жашоонун агымы менен жүргөндү токтотуңүз. Баарын өз колуңузга алыңыз да, алдыга умтулуңуз!

 

B. Ишенбестик – сиз жөнүндө. Сиз адамдар менен оңой тил табышасыз, бирок жакын дос болбойсуз, жеке жашооңуз жана сезимдериңиз жөнүндө эч кимге унчукпай, өзүңүзгө гана таянасыз. Ооба, кандайдыр бир мааниде бул жакшы, бирок жашоону жалгыз өткөрүп, бардыгын өзүңүздүн ичиңизде сактоо оңой эмес. Кыраакылыкты жоготпой, жакын досторуңузга бир аз да болсо ишенүүгө аракет кылыңыз, балким, бул мамилеңиз бекем достукка өбөлгө түзүп, баары өз ордуна келет.

C. Сыртыңызда сиз өзүңүздү ишенимдүү адам катары көрсөтүп, ири компанияларда өзүңүздү ыңгайлуу сезесиз, бирок ичиңизде көптөгөн коркунуч сезимдери бар. Жалган ишенимдин артында аларды жашырбаңыз. Акыры, биз кубанычты канчалык көп көрсөтсөк, кийинчерээк ошончолук өзүбүздү жаман сезебиз. Бактылуу болууга жол түзүңүз.

D. Сиз бардык жагынан тыкан адамсыз. Өзүңүздү сабырдуу кармап, тартипти жакшы көргөндүктөн, кээде майда-чүйдө нерселерден улам жарылып кетесиз. Эрежелерди унутуу кээде пайдалуу. Көбүрөөк эс алып, көңүл ачыңыз.

 

E. Сабырдуулук жана акыл-эстүүлүк сиздин куралыңыз. Бир нерсеге чечим кабыл алуудан мурун, ар дайым жакшылап ойлоносуз. Бирок мындай жайчылыктан улам көп нерсени колдон чыгарып ийесиз. Сиз алдыңызда ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдөн жана өзгөрүүлөрдөн коркпоңуз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.