Ошону үчүн Европада транспортто карыларга орун бошотушпайт

Белгилүү болгондой, Европа мамлекеттеринде коомдук транспорттордо орун бошотуп беришпейт. А биз буга таң калабыз, бизге бул тууралуу кичинекей кезибизден эле үйрөтүшкөн.

 

 

 

«Эмне үчүн коомдук транспортттордо алсыз, кары адамдарга орун бошотуп берилбейт?» деген суроого европалыктар мындай деп жооп беришет:

«Себеби бул жакта эч ким өзүн улуу, кары адам катары санаткысы келбейт. Эгерде сага бирөө орун бошотуп берсе, анда сен аябай начар, жүдөө көрүнөсүң. Эгерде сага орун бошотуп берсе бир жагынан сени кемсинтүү болуп саналат.

Европанын кары адамдары соода сатыкка барганда велосипед менен барып, эртең менен чуркап, ар кандай көнүгүүлөрдү жасашат. Башкача айтканда, өздөрүн карап, ден соолукту чыңдашат. Эгерде кимдир бирөө ал адамга транспорттон өзүнүн ордун бошотуп берип атканын байкап калса, маанайы түшүп, дарыгерге кайрыл деп айткан мааниде кабыл алышат.

 

«Эгерде ооруп жаткан адам болуп калсачы?» деген суроо туулушу мүмкүн, андай адамдар болсо, алар өздөрү орун бошотуп берүүнү суранышат. Муну эч кандай уяты жок.

Бул нерсени жөн гана түшүнүү менен караш керек, бизде менталитет такыр башка, дешет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.