Организмде курт бар экенин бул белгилерден улам билсе болот

Адам төрөлөгөндөн өлгөнгө чейин толгон токой оорулар коштоп жүрөт. Атүгүл курттар да адамдын организмине кирип алып өмүр бою жашай беришет. Кээ бир бир курттар эч кандай белги бербей адамда жашай берсе кээ билери ар кандай оорулар менен коштолот. Убагында доктурга кайрылып дары ичип курттардан арылса болот.

 

 

Кантип билсе болот?
  •  Ашказан ич ооруйт, зарына болуп, кээде кусат
  • Тери оорулары, ар кандай тактар пайда болуп, көп тырманат
  • Чачтын, тырмактын абалы начарлайт
  • Салмактын азайышы
  • Өнөнкөт чарчоо, алсыз болуу
 

Аскарида куртунун белгилери булар: ашказан, ичегилердин иштеши бузулат. Ич бат-баттан ооруйт. Адамдын өңү бозорот. Каны азаят. Алсыз болуп ишке жарабай калат. Бул белгилер ичтеги аскарида курту чоңойгон сайын күчөй берет. Тезден доктурга көрүнбөсө бир метрге чейин узарып ичегиде жашай берет!

 

Эхинококкоз. Бул курттар адамдын бооруна, кээ бир учурда өпкөгө жайгашып алып аны жей беришет. Бул көпкө чейин билинбей жүрө бериши мүмкүн. Оң жак тарап оорутат. Салмак азайып, аппетит жоголот. Бул курттар көбүнчө ит, мышыктардан жугат.

 

Булар негизгилери болду. Мындай адамдын организмине жашап алчу курттардын саны өтө көп. Эл арасында элдик медицинаны колдонуп ар кандай чөп дарылар менен дарылап жүргөндөр да бар. Бирок алар болгону курттарды уулантып убактылуу уйкуга салып койот. Бир канча убакыттан кийин алар ойгонуп зыян келтире берет. Ошондуктан доктурлар менен кеңешип атайын дарыларды ичүү керек. Оорубаңыз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз