Орган негизги эмес: дүйнөнү багындырган евнухтар тууралуу 3 кызыктуу факт

Евнухтар деген кимдер экенин билчү белеңиз?

 

 

Эң биринчи евнухтар Ассириядан чыгышкан, алар гаремдерди кайтаруу үчүн керек болгон, ал эми өкмөт өтө кызганчаак болгондуктан жана кандын тазалыгына катуу мамиле кылгандыктан, евнухтар никесиз баланын төрөлбөшүнө кепилдик болушкан. Ошондой эле, евнухтар балалуу боло албагандыктан, алар эч качан бийлик басып ала албайт деп, өкмөт тынч уктаган, себеби алар өзүнүн династиясын кура алышкан эмес.

Бул практиканы ассирийлерден перстер алган, кийинчерээк дагы бир нече чыгыш мамлекеттери алышкан. Бүгүн биз евнухтар тууралуу кызыктуу факттардан айтып берели дедик.

Балдарды 8 жашынан тандашкан. Бычуу операциясы аябай катаал өткөн – баланы отургучка байлап, анан органын курч бычак менен кесип салышкан. Жаратын күйгүзүп же чайыр куюп салышкан. Дагы бир нече күн бала мойнуна чейин ысык кумда көмүлүп жаткан.

Ийгиликке жетиш үчүн, евнухка көп иштөөгө туура келген. Султанга жакын болуш үчүн, алар иерархиянын бардык тепкичинен аттап өтүш керек болгон. Эң мыкты жана жогорку наамы – кеңешчи болгон.

17-кылым евнухтар тарыхында эң ийгиликтүү кылым болуп саналат.  Алар интригаларды эле жаратып тим болушпастан, такка ким отураарын да чечип коюшкан, султанга эмнени жана кандай кылышты көрсөтүп турушкан.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.