Ооздун кургашы кайсы оорулардан кабар берээрин медиктер айтты

Дайым ооз кургап турса, ал коркунучтуу, себеби, бул ар кандай оорулардын симптому болушу мүмкүн экенин окумуштуулар айтат.

 

 

 

Медиктердин айтымында, эгер ооз дайым кургап турса, бул коркунучтуу оору – ксеростоматиядан белги берет. Бул оорунун пайда болушуна – коркунучтуу дарыларды кабыл алуу, күн менен баштын нурланышы жана химиотерапия себеп болот.

Бул оорунун биринчи симптомдору – шилекейдин жабышчаактыгы, тилдин ачышышы, тамак ичүүнүн оордугу, сүйлөө сезиминин өзгөрүшү, ооздон чыккан жагымсыз жыт, анан, албетте ооздун кургактыгы. Көбүнчө бул ооруну ангина сыяктуу оорулар менен алмаштырып алышат. Алардын симптомдору окшош.

Ошондой эле бул оорунун пайда болушу менен, нерв системасы жабыркап, шилекей бөлүп чыгаруучу бездерге таасирин тийгизет.

Ооздун кургашы менен байланыштуу дагы бир оору – бул шекер диабети. Медиктер белгилегендей, бул ооруга чалдыккандар шилекейдин жетишсиздиги менен көйгөйдү дайым сезип турушат.

Эгер мындай симптомдор пайда болсо, сөссүз доктурга кайрыылууну медиктер сунушташат. Себеби диагнозду убагында коюу өтө маанилүү.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.